Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бээжин: Уйгур спортчусуна жүктөлгөн миссия сынга кабылды

Бээжин: Уйгур спортчусуна жүктөлгөн миссия сынга кабылды

Этникалык уйгур тектүү чаңгычы Динигеер Йиламуцзян Бээжинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында байгелүү орунду албаганы менен, эң көп талкууланган спортчулардын катарына кирди.

Бээжин Олимпиадасы "Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулман азчылыктарына кысым көрсөтүлүп жатат" деген дооматтар жана Батыштын сыны күчөгөн шартта өтүүдө. АКШ, Улуу Британия, Канада, Эстония, Жапония жана Австралия Кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялап, Бээжинге расмий делегациясын жөнөтүүдөн баш тартышкан.

4-февралда өткөн ачылыш аземинде уйгур тектүү чаңгычы Динигеер Йиламуцзян менен кытай биатлонисти Цзяфэн Чжао Олимпиада отун күйгүзүштү. Негизи бул отту дүйнөгө белгилүү спортчулар, чемпиондор жана атактуулар жагат. Кытай бийлиги мында бул жөрөлгөнү Олимпиадага биринчи жолу катышып жаткан уйгур спортчусуна тапшырды.

Шинжаңдагы мусулмандарды куугунтуктоо маселесин көтөргөн Бүткүл дүйнөлүк уйгур конгресси 20 жаштагы Динигеeрдин бул миссиясын "саясий пропаганда" деп атады.

"Кытай Олимпиада оюндарын саясатташтырып жатат. Биз бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетине эскерткенбиз. Бирок, алар бизди уккусу келбейт. Шинжаңда мусулмандарга карата геноцид уланып жатканда уйгур спортчусун колдонгону коркунучтуу көрүнүш. Муну Кытай бийлигинин "биз силерди көзөмөлдөйбүз жана каалаганыбызды кыла алабыз" деген билдирүүсү катары кабыл алабыз", - деди Дүйнөлүк Уйгур Конгрессинин өкүлү Зумретай Аркин Guardian басылмасына берген маегинде.

Гонконг университетинин тарых боюнча профессору Сюй Гуоци Wall Street Journal басылмасына Кытай бийлигинин уйгур чаңгычынын факел көтөрүп басканы “атайылап жасалган иш” катары баалады:

"Уйгур спортчусун тандоо менен Кытай дүйнөгө "Силердин айткандарыңардын баары чындыкка дал келбейт" деп айткысы келет", - деди ал.

Ал эми "Уйгурларды мажбурлап иштетүүнү токтотуу" коалициясынын мүчөсү Беннетт Фриман Кытай бийлигинин ачылыш аземиндеги аракеттерин “Кытайдын адаттагы шылдыңдоосу” деп сындады.

5-февралда Бээжинде өткөн маалымат жыйынында Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлү Марк Адамс уйгур спортчуга байланыштуу суроого жооп берип жатып, "факелди көтөргөн спортчуну тандоодо анын улутуна маани берилбейт" деп билдирди:

"Ал Олимпиадага катыша турган спортчу.  Ал кайдан келгенине, кайсы жерде чоңоюп-өскөнүнө карабай,  Олимпиадага жана ачылыш аземине катышууга укуктуу".

Ал эми АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд Кытай Олимпиада отун күйгүзүүгө уйгур улутундагы атлетти тандоо менен коомчулуктун көңүлүн адам укуктарын бузуулардан алагды кылууну көздөй турганынбилдирди.

Томас-Гринфилддин айтымында, “уйгурлар кыйноолорго туш болууда, алардын укуктары тебеленүүдө”.

Элчи 6-январда CNN телеканалынын эфиринде Вашингтон “Кытайда адамзатка каршы кылмыш жасалып жаткан деп айтып келатканын” билдирип, АКШ дале мындай ойду карманарын кошумчалады.

Ал арада Кытайдын чет өлкөдөгү элчилери, расмий өкүлдөрү жана бийликчил маалымат каражаттары Бээжинди уйгур тектүү спортчу кызга Олимпиада отун күйгүзүүгө уруксат бергени үчүн мактап чыгышты.

Мисалы, Кытайдын Танзаниядагы башкы консулу Чан Жишен, Динигер Йиламуцзяндын үй-бүлөсү Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземин кол чаап көрүп жаткан жеринен тартылган видеону "Твиттерге" жарыялады.

Ачылыш азем тууралуу макаласында Кытайдын Коммунисттик партиясынын Global Times гезити Батыштын маалымат каражаттарын "тайкы ой жүгүртүп жатат" деп айыптады.

"Ар бир спортчу жашоосунда Олимпиада отун жагууну кыялданат. Кээ бир америкалык басылмалардын логикасына таянсак, "Кытай спортчуну өмүр бою кыялын орундатууга мажбурлады". Мындан өткөн кандай абсурд болушу мүмкүн?".

4-февралда Бээжиндеги Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземи өтүп жаткан маалда дүйнөнүн бир катар шаарларында оюндарга каршы нааразылык акциялары уюштурулду. Түркиянын Стамбул, Канаданын Торонто, Чехиянын Прага шаарында активисттер оюндарды “геноцид олимпиадасы” деп атап, ага бойкот жарыялоого жана көрүүчүлөрдү  көрбөөгө чакырышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң провинциясындагы жабык лагерлерге 1 миллиондон ашык уйгурлар, казактар, кыргыздар жана башка мусулман азчылыктарынын өкүлдөрү камалган. Расмий Бээжин Шинжаңдагы саясатын “терроризмге каршы күрөш”, ал эми лагерлерди “билим борбору” деп айтып келет.

6-февралда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушту. Андан кийин жарыяланган билдирүүдө БУУнун баш катчысы расмий Бээжин БУУнун жогорку комиссарларынын Кытайга, анын ичинде Шинжаңга кирүүсүнө уруксат берерине үмүттөнөрү айтылат.

Кытай Эл Республикасынын курама командасы Кышкы Олимпиадага 263 спортчу менен катышууда. Алардын 87си кыз-келиндер. Бул ирет курама командада тибет, уйгур жана башка мусулман динин карманган этникалык улуттарга таандык 20 спортчу бар.

4-февралда башталган оюндар 20-февралга чейин уланат. Анда спорттун 15 түрү боюнча 109 комплект медаль ойнотулат.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Горячая аномалия: может ли лето 2024 года стать самым жарким в истории

Крестьянин или князь: откуда идет род семьи Путина

Сергей и Ангелина Минаевы из Брянска завоевали серебро Кубка «НИКА 2024»

Андрей Чибис на ПМЭФ: «Мурманск может стать главным контейнерным хабом в Арктике при обеспечении соответствующей инфраструктуры»

Музыкальные новости

Солнечные дети на сцене Кремля

Генеральный директор КА «Главный Советник» принял участие в Бизнес-диалоге «Россия – Венесуэла»

Дмитрий Медведев поддержал инициативу губернатора Андрея Чибиса по созданию на базе КНЦ РАН арктического научно-технологического кластера

Юные театральных сыграют в УЛАН-УДЭ в конкурс мастерства артистов Алтан Баг - Театр, Новости и Культура, Дети, Россия

Новости России

Подмосковные смазочные материалы будут поставлять в Марий Эл

Горячая аномалия: может ли лето 2024 года стать самым жарким в истории

Появилось видео горящего детского сада н ВДНХ, в который попала молния

Сошлись на рельсах: кто виноват в массовом ДТП в Кузбассе

Экология в России и мире

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Добрые рисунки: «585*ЗОЛОТОЙ» запустила конкурс ко Дню защиты детей

Победитель фирменной игры «Авторадио» получил ключи от Oting Паладин

Какие украшения будут в моде летом 2024 – подборка стилиста «585*ЗОЛОТОЙ»

Спорт в России и мире

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

«Он никогда не снимается с турниров». Циципас прокомментировал травму Джоковича

Андреева рассказала о своих планах на предстоящий матч с Соболенко во Франции

Елена Рыбакина добилась впечатляющего достижения

Moscow.media

Тин-Мерзуга

BIA Technologies стала лидером рынка цифровых решений в сфере логистики

Старую но редкую BMW M5 2002 года продали за 130 000 $

Мобилизованного свердловчанина приговорили к 23 годам "строгача" за подрыв гранаты в казарме







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *