Киев БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылды
Украина Орусиянын кол салуу коркунучу боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырууну сунуштады.
Украин президенти Владимир Зеленский шашылыш видео кайрылуу жасап, өлкө чыгышындагы Донецк менен Луганск облустарын Орусиянын өз алдынча аймак катары таануусун кескин айыптады. Владимир Путин украин мамлекетинин түзүлүшүн большевиктердин жол башчысы болгон Лениндин “белеги” деп атап, СССРдин улут саясатын сынга алды.
Киевдин чукул сунушу
Киев орус-украин чек арасында түзүлгөн соңку чыңалган кырдаалды талкуулоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакыруу сунушун киргизгенин украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 22-февралда билдирди. Ал президент Владимир Зеленскийдин тапшырмасы менен бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттерге расмий түрдө кайрылуу жиберилгенин маалымдады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-февралга караган түнү чукул видео кайрылуу жасап, өлкөнүн чыгышындагы Донецк менен Луганск облустарын Орусиянын өз алдынча мамлекет катары таанып, аскер киргизүү чечимин айыптады.
"Украина сөзсүз түрдө Орусиянын соңку аракеттерин биздин өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузуу катары карайт. Жогоруда айтылган чечимдин бардык кесепеттери үчүн түз жоопкерчилик эми Орусиянын саясий жетекчилигинде болот. Луганск жана Донецк облустарындагы оккупацияланган аймактардын көз карандысыздыгын таануу Орусиянын Минск келишиминен бир тараптуу чыгып кетишин туюнтушу мүмкүн".
Өзөктүк курал үчүн берилегн кепилдик
Киев БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылуусунда Украина 1994-жылы өзөктүк куралдан баш тартканы үчүн анын коопсуздугуна кепилдик берген шарттарды кароону суранган. Орусия, АКШ жана Британия менен кабыл алынган 1994-жылдагы Будапешт келишиминде, эгер Украина СССРден мураска калган өзөктүк куралдарын жок кылса, анын "аймактык бүтүндүгүнө жана саясий көз карандысыздыгына" коркунуч келбей турганы көрсөтүлгөн.
БУУнун Баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Москванын соңку аракеттерин БУУнун уставын одоно бузуу катары баалады:
"Баш катчы Орусиянын бул чечими Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин бузуу жана аны БУУнун жобосунун принциптерине каршы келет деп эсептейт. Бириккен Улуттар Уюму Башкы Ассамблеянын тиешелүү резолюцияларына ылайык, Украинанын эгемендигин жана эл аралык деңгээлде таанылган чек аралары менен кошо аймактык бүтүндүгүн мурдагыдай эле толугу менен колдойт".
Лениндин улут саясатын сындаган Путин
Мунун алдында президент Владимир Путиндин төрагалыгы астында Коопсуздук кеңеши өтүп, анда Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасынын” өз алдынчалыгын тааныды. Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү президент Путинден аталган аймактардын көз карандысыздыгын токтоосуз түрдө таанууну бир ооздон суранышты.
Владимир Путин Украинанын мамлекеттүүлүгүн Лениндин “белеги” катары карап, СССРдин улут саясатын сындады:
"Большевиктик саясаттын натыйжасында советтик Украина пайда болду. Аны азыр дагы Владимир Ильич Ленин атындагы Украина деп атаганга толук негиз бар. Ал анын автору жана архитектору. Бул толук архивдик документтер, анын ичинде Лениндин Донбассты Украинага киргизген директивалары менен толук ырасталып турат", - деди Путин.
Кошунасына коркунуч жараткан жагдай
Бул көрүнүш Донбасста кырдаал курчуган учурга туура келди. Орусия Украинанын чек арасын бойлоп, анын айланасында 150 миңдей аскерин топтоштурган.
2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер “Референдум” делген добуш берүү өткөрүп, “Луганск элдик республикасы” дегендер өз алдынча “көз карандысыздык” жарыялашса, «Донецк элдик республикасын” түздүк дегендер Орусияга кошулуу өтүнүчү менен Москвага кайрылган. Батыш бул референдумдарды тааныган эмес. Ал эми Киев бул өнөктүктү Москва уюштурган “фарс” деп атаган. 2014-жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылышуулардан 14 миңдей адамдын өмүрү кыйылды
Донецк көмүр бассейни же Донбасс деп аталган Украинанын өндүрүшкө бай аймагында 3 жарым миллиондой калк жашайт. 2014-жылдан бери 740 миңдей тургун орус паспортун алганы белгилүү.
Катардагы украиналыктар кубаттуу кошунасы алардын жерин тартып алууну көздөп, көз артып жатат деп баалашууда.
“Орусия эмнеге таанып жатат? Элестетиңиз, сиздин үйгө кирип келип “мына бул бөлмө эми биздики” болот десе, кандай ойдо каласыз? Бул боюнча үйдүн ээсинин пикирин да сурап койбосо. Бирок ошону менен эле батир аныкы болуп калбайт да. Кандай кааласа, ошондой таанысын. Бул согушка чагым салуу. Мындайда акыл-эстүү кишилер өз өлкөсү үчүн күрөшөт”, - дейт Киевдин тургуну Елена Матвиенко.
Ошол эле кезде Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат.
БУУнун Коопсуздук кеңешинде жалпы 15 мамлекет бар. Алардын ичинде беш өлкө - Орусия, АКШ, Британия, Франция жана Кытай туруктуу мүчө. Калган мүчөлөр жыл сайын ар бир беш мамлекеттин добуш берүүсү менен тандалып алынып турат.
Украинанын Коопсуздук кеңешин чакыруу сунушу жакын арада каралары кабарланды.