Демократиялык бурулуш Аксыда башталган
Мындан 20 жыл илгери, Аксы окуясы Кыргызстандын кийинки саясий турмушунун өзгөчө жандануусуна, коомдун ойгонуусуна, элдин саясий кадамындагы чечүүчү учур, өлкөнүн бир нече олуттуу саясий өзгөрүүлөрүнө шарт түзгөн тарыхый, саясий жана кан төгүлгөн окуя болгон.
Аксы окуясы кандуу болгону менен, элдин аң-сезиминде олуттуу өзгөртүү жаратып, келечектеги саясий, тарыхый окуяларга омоктуу өбөлгө түзгөн. Аксы окуясы – өлкөдөгү кийинки элдик ыңкылаптардын, саясий, социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн алгачкы чабалакейи болуп калганы талашсыз.
Өкүнүчтүүсү Аксы окуясы коомдук, саясий турмушта демократиялык нукка бурулуш жасаганы менен таза, коррупциясыз коомго андан кийин деле, дээрлик 20 жылда жетише алган жокпуз. Ошол 2002-жылдагы Аксы окуясы тегин жерден чыккан жок.
Аксы окуясы элеттик элдин аң-сезиминин бийик деңгээлде өскөнүн көрсөтө алган, элдин расмий бийликтерде акыйкаттык жоктугун билгени, ага каршы нааразычылыкка чыгуу менен чындыкка, адилеттикке жете алса болот тургандыгына ишенгенин көрсөтүп, кыргыз коомчулугунун саясий, социалдык аң-сезиминин өзгөрүшүнө зор өбөлгө түзгөнү ачык көрүнүп турат. Эгемендүү Кыргыз Республикасында эл өз пикирин ачык айтып чыгып, демократияга бурулуу учуру - Аксы окуясы менен байланышкан.
Аксы окуясы - үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан аксылыктардын бекем, майтарылбас эрки. Ошол кездеги расмий бийлик чындык, адилеттик, акыйкаттык, айкындуулук үчүн чыккан аксылыктардын жолун тосуп, элге карай ок атты. Окуя учурунда алты адамдын өмүрү кыйылып, көптөгөн адамдар жараат алышты. Узакка созулган саясий ачкачылыктан бир жараныбыз набыт болду. Бирок атылган ок, бийликтин теңирден тескери кадамдары элдин эркин, алга умтулуусун сындыра да, токтото да алаган жок. Кайра, эркиндик үчүн элдик күрөштү күчөтүп, коомдук аң-сезимди ойготуп, элди адилет үчүн бел байлаган күрөшкө чыйралтты.
Расмий бийлик канчалык деңгээлде элдин нааразылыгынын нукура, чыныгы себептерин жаап-жашырып, бир топ жалган маалыматтарды таратканына карбай реалдуу чындык бүткүл элге жетти. Анын натыйжасында, Аксы окуясы кыргыз элинин аң-сезиминде кескин бурулуш жасап, өлкөдөгү жаңы коомдук, саясий, укуктук, тарыхый өзгөрүүлөргө жол ачып, адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка, кеңири кулач жайган коррупцияга каршы жалпы элдик күрөштүн башы болгонун тарых танбайт.
Бүгүнкү күндүн бийиктигинен алганда Аксы окуясы албетте, Аскар Акаевдин кезиндеги расмий бийликтин абдан чоң саясий жаңылыштыгы болгону талашсыз. Эң негизги катачылык жаңжал башталган кезде, жогорку бийлик эгедерлери эртерээк окуя болгон жерге барып, элеттин эли менен сүйлөшүп, кабар алып, талаш-тартыш маселелер боюнча бир ыкка келиши керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок.
Ошентип, өз алдынча көз карандысыз мамлекет болуп калыптанып жаткан Кыргыз Республикасынын демократиялык тарыхына кандуу так болуп Аксы окуясы кошулду.
Албетте, Аксы окуясы боюнча көптөгөн иликтөөлөр, тыянактар болду, аталган окуя боюнча жаш тарыхчы Б.С.Назарбаева “2002-жылдагы Аксы окуясы: булактар жана изилдөө ыкмалары” аттуу тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн диссертация жазып, ийгиликтүү коргоду.
Демек, бул диссератция аркылуу Аксы окуяларына ырааттуу, ынанымдуу тарыхый баа берилди десек болот. Ошол кандуу окуянын жыйынтыгы тууралуу бир топ расмий маалыматтар да айтылды.
Расмий бийлик менен Аксы элинин пикир келишпестиктеринин натыйжасында, саясий келишимге жетише албагандыктан, 2002-жылы 17-18-март күндөрү Аксы районунун калкы менен куралдуу милиция отряддарынын ортосундагы кагылышуудан, анын натыйжасында чыккан ок атуудан алты адам курман болгон. Алар К.А.Сапаралиев, С.К.Тагаев, Э.М.Четинбаев, С.Б.Үркүнбаев, Э.А.Умөталиев, М.Бекмуратов болушкан.
Булардан башка ошол эле окуяда 22 адам жараат алып, ооруканага жаткырылган. Ошол кандуу окуядан кийин милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз түрдө 67 адам кармалып, камакка алынып, айрымдары кийинчерээк бошотулган. Булар А.Бекназаровдун маалыматы боюнча берилген маалыматтар.
Ошол эле кезде, Аксы окуясын жакшы билген, жабырлануучулардын адвокаты С.Жайчыбековдун маалыматында, окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүзгө чукул сот жараяндары болгон.
"Негизи документтер, медициналык бүтүмдөр боюнча өлгөндөр, жараат алгандар бардыгы болуп 79 киши жабыркаган. Андан кийин соттук териштирүүгө 32 адам катышкан. Аксы окуясында 17-март боюнча өзүнчө, 18-март боюнча өзүнчө, эки бөлөк иш козголгон. Журналисттер бирдей окуя катары чагылдырып жүрөт. 17-март боюнча өлгөндөргө күнөөлүү - деп үч киши аныкталып, жаза ирети - үч жыл сыноо мөөнөтү берилген, эми ал жоопко тартылуу деп эсептелбейт деле да. 18-марттагы кылмыштын башында ИИМдин ошол кездеги биринчи орун басары Садырбек Дубанаев турган. Ошол киши жетектеген операцияда эки адам – бирөө таяктан, бирөө октон өлгөн. Андан сырткары алты кишиге ок тийип, жараат алып, бирок кылмыш иши козголгон эмес. Ал кишини жоопко тартымыш болушту да, анан актап коюшту. Элде чындык чыкпады деген сөз калып жатат. Ишти тергеп, сотко өткөрө турган бийлик кызматкерлеринин жаап-жашырууга жасаган "чоң аракетинин" жыйынтыгы. Бардыгы бири-бири менен байланышта экендигин көп жыл өткөндөн бери ойлонуп отурабыз да. Андыктан, бир тыянак болуп, жыйынтык чыгышы кыйын", - деген адвокат С.Жайчыбеков.
Белгилей кетчү дагы бир жагдай, ошол Аксы окуяларынын чыгуусунун себептерин, анын натыйжасын иликтөө үчүн үч комиссия иштеген. Алар:
1. Коомдук-саясий комиссия – төрагасы Т. Тургуналиев, мүчөлөрү А.Абдирасулова, Б.Букашева, Б.Аракеев ж.б.
2. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттык комиссиясы – А.Мамбеталиева, О.Дуйшеев, О.Малеванная, И.Исаков, Э.Булекбаев, Т. Сарпашев, Ө. Текебаев, А. Таштанбеков.
3. Президент А.Акаевдин атайын жарлыгына ылайык түзүлгөн Мамлекеттик комиссия – Н.Танаев, М.Абдылдаев, Г.Аалиева, Д.Абдуллаева, О.Бакиев, З.Жамашев, С.Жайчибеков, Т.Исмаилова, Х.Коркмазов, Ш.Медетбеков, Ш.Майчиев, Ж.Мавлянов, К.Осмонов, А.Сабиров, А.Сулайманов, Э.Төрөбаев, Б.Шерниязов, К.Кулназаров, И.Кадырбеков.
Ар бир комиссия өз вазыйпаларын аткарып, өз жыйынтыктарын тиешелүү жактарга, бийликтеги жетекчилерге, ЖМКга беришкен.
Аксы окуясынын арты менен Кыргызстанда президенттик, үй-бүлөлүк, жеке, кландык башкарууга, бийликтеги тереңдеп кеткен коорупцияга каршы жалпы улуттук күрөш башталды десе болот. Ошол эле учурда ага толугу менен укуктук баа берилбей келе жатканын да көпчүлүк белгилешет. Кээ бир адистер "Аксы окуясына саясий эле баа берилди, бирок ал туура берилген жок" деп ойлошот. Алардын бири белгилүү укук коргоочу А.Абдирасулова.
Кандай болсо да ошол Аксы окуясы эгемендүү жана көз карандысыз Кыргыз Республикасынын, элибиздин тарыхында ташка тамга баскандай из калтырып, болочок элдик көтөрүлүштөрдүн, кыргызстандыктардын эркиндикке жана адилеттикке болгон умтулуусунун алгачкы кадамы катары тарыхта калды десек жаңылышпайбыз.
Байболот Абытов, тарых илимдеринин доктору, профессор
P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.