"Азаттык" тарткан видеодон кийин спорт залга демөөрчүлөр арбыды
"Азаттык" радиосу "Талас: спорт залда машыккан апалар" аттуу сюжет чыгаргандан кийин спорт залга демөөрчү болобуз дегендер көбөйдү. Машыктыруучу Кубанычбек Жаманкуловдун айтымында, демөөрчүлөр чет өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын булуң-бурчунан чалып, кандай жардам керектигин сурап жатышат.
"Кечээ эле бирөө Бишкектен чалып, душка керектүү тетиктерди акысыз бере турганын айтты. Эртең шаарга барып алып келем. Дагы бир ишкер акчалай жардам берип кетти. Айылдагы усталар жуунчу душтун бөлмөсүн бекер жасап жатат", - деди Жаманкулов.
Машыктыруучу спорт залга мектептеги, бала бакчада иштеген келиндер да келип машыгууну өтүнгөнүн айтты.
29-мартта "Азаттык" Таластагы спорт залда машыккан апалар тууралуу сюжет чыгарган. Ал социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, спортко үндөгөн посттор менен коштолууда. (MKt)