Бурмагүл Чабдарова Таластагы медиа борборго кайрадан директор болду
Талас облустук медиа борборуна Бурмагүл Чабдарова башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.
Бурмагүл Чабдарова Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин филология бөлүмүн аяктаган.
1998-2006-жылдары Улуттук телерадио корпорацияда (УТРК), 2006-2019-жылдары Талас облустук телеканалында иштеген. 2020-жылдан баштап аталган медиа борбордун директорунун милдетин аткарып турган.
Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 23-мартта Бурмагүл Чабдарованы Талас медиа борборуна директор кылып дайындап, бирок ал буйрукту 25-мартта жокко чыгарган. Буга облус башчы Бакытбек Нарбековдун аталган кызматка келүү үчүн талапкерлерге бирдей шарт түзүү максатында ачык сынак жарыялаганы себеп болгон.
Министр Чабдарованы убактылуу дайындаганын айтып, талапкерлерге сынак жарыялабаганын билдирген. Ошондой эле жакынкы күндөрү башка талапкерлердин программасы менен таанышарын айткан болчу.
Облустук медиа борборду буга чейин 69 жаштагы Эрмек Үмөтов 10 жылга жакын жетектеп, өз ыктыяры менен кызматын тапшырган.
2019-жылдын этегинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында турган райондук гезиттер жоюлуп, облустук телеканалдардын базасында медиа борборлор уюштурулган. (MKt)