"Сөз эркиндиги бар жерде фейктерге муктаждык жок"
Көз карандысыз журналисттер бирлигинин төрагасы Азамат Касыбеков кыргыз журналистикасындагы көйгөйлөр, сөз эркиндигиин абалы тууралуу ой бөлүшөт.
3-май – Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. Бул дата БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген.
Акыркы жарым жылда Кыргызстанда журналисттерге карата бир канча кылмыш иштери козголду. Адам укуктарына байкоо салган эл аралык жана жергиликтүү уюмдар өлкөдө сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын айтып келатышат. Ошол эле кезде бийлик өкүлдөрү журналисттерге кысым жоктугун белгилешет.