Чаткалда шыбы урап түшкөн мектептин окуучулары ооруканага жөнөтүлдү
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери 18 окуучу, бир мугалимди коопсуз жайга алып чыгып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөттү. Маалыматка караганда, балдар 3-класстын окуучулары. Алардын абалы жакшы деп кабарланды.
Чаткал районунун билим берүү бөлүмү мектеп 1960-жылдары салынганын, имарат авариялык абалда болбогонун билдирди.
Социалдык тармактарда тараган сүрөттөрдө 3-класстын окуучуларынын окуу куралдарын, топо чаң болгон сумка, парталарды көрүүгө болот. (BTo)