Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ректорду ким тандайт? Шайлоону дайындоого алмашуу сунушу

Ректорду ким тандайт? Шайлоону дайындоого алмашуу сунушу

Жогорку окуу жайларды башкарууну оптималдаштыруу демилгеси коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети “Билим берүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” долбоорлор сунуштап, ага ректорлорду шайлоо эрежесин жоюп, дайындоону калыбына келтирүү жобосун киргизди. 

Буга кандай жагдайлар себеп болду? Академиялык эркиндикти камсыздоо, демократиялашуу максатын көздөгөн шайлоо системасын жоюу артка чегинүү эмеспи?  “Арай көз чарай” талкуусунда ушул жана башка суроолорду талкуулайбыз. 

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын проректору Кеңеш Ырысов, Казакстандагы  Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов катышты.

Расул Абазбек уулу: Коомчулукта билим берүүнүн сапатына, башкаруу системасына сын өтө көп. Анын ичинде жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин жоопкерсиздиги жөнүндөгү маселе бар. Министрликтин алдындагы жоопкерчилик жок болуп калды деген тыянакка келип жатабыз. Анткени, шайлангандан кийинки беш жыл ичинде алардын жумушуна баа берүү бир топ татаалдашып кеткен.

Экинчиден, жакшы ниет менен 10 жыл мурда башталган шайлоо системасы дискредитацияланып калды. Кээ бир жерлерде прецедент жаралды. Өзгө-жатка, көп тараптарга бөлүнүү, ректордун шайлоого байланыштуу жалаң лоялдуу адамдарды өзүнө тартуусу, билим берүү менен эмес, шайлоо саясаты менен алектенүү учурлары көп болду. Парламенттин комитетиндеги талкууда да министр белгиледи. Мисалы, ОшТУга үч жылдан бери ректорду шайлай албай отурабыз. Мыйзамдагы “мүмкүнчүлүктөрдөн” пайдалангандыктан, ал жерде шайлоо болбой жатат. Бишкектеги техникалык университетте ректор шайлангандан кийин дагы, анын легитимдүүлүгү шек жаратып, соттук процесс бир жылга чейин уланды. Окуу процесстерине тоскоол болгон мындай учурлар көп.

Шайлоо системасы Батыш өлкөлөрүндө деле жок. Алар көбүнчө көзөмөлчүлөр кеңештери аркылуу өткөрүшөт. Долбоордо көзөмөлчүлөр кеңеши бар. Биз анын ишин да күчөтүшүбүз зарыл. Азыркы иштеп жаткан кеңеш формалдуу институт катары белгилүү.

Кеңеш Ырысов: Мен жаңы долбоорго күмөн саноо менен карайм. Жаңы модель эскисинен канчалык жакшы болот? Анын кийинки кесепеттери кандай? Тааныбаган, биз билбеген кесипкөй эмес адистер келип башкарып калса азыркыдан да жаман болуп кетпейби? Министрлерибиз эки жылдан ашык иштебей жатат. Ректорду дайындаган министр кетип калса, мурункунун жоопкерчилигин ким алат? Ушундай дагы күмөндөр жагдайлар бар. Жамаат тандаганда талапкерлер ошол жерде иштеген таанымал, көп жылдап эмгеги сиңген, тажрыйбалуу окутуучулардын арасынан талапкерлер табылат. Эки-үч талапкердин ортосунда командалык күрөш болот. Бирок шайлоо бүткөндөн кийин ишти чогуу уланта беришет да.

Албетте, соттошуп токтобой жүргөндөр да бар. Бирок биздин окуу жайдын үлгүсүн алсак, куугунтуксуз эле атаандаш командалар биргелешип иштеп келе жатабыз. Мен шайлоо ситемасы калыш керек деп ойлойм. Жамаатка берилген демократиялык шайлоо укугун сактап калышыбыз керек. Албетте, батыш өлкөлөрүнө теңелсе болот. Бирок сактап калып, алардан айырмалансак болот да. Бизде деле жакшы иштеп жаткан моделдер бар. Биз сунуштарыбызды министрликке бергенбиз.

Камила Талиева: Адам фактору зор мааниге ээ. Медициналык академия бир эле мисал. Аны күчтүү ректор башкарып жатат (Индира Кудайбергенова-ред). Аял жетекчи абдан жаратман келерин айтып коеюн. Аялдар коррупциядан алыс болот, дыкат, иреттүү иштейт. Медакадемияда ректордун деңгээли татыктуу экендигине жамаат баа берип коюп жатпайбы. Бул жерде адамдык фактор негизги ролдордун бири. Дайындоого бүгүн эле өтүп жаткан жерибиз жок. 2012-жылга чейинки дайындоолордо деле мыкты тыянак берген ректорлорубуз болгон.

Шайлоо менен келгенде да, дайындоо менен келгенде дагы тобокелчиликтер бар. Идеалдуу деп айтуу мүмкүн эмес. Аны жокко чыгара албайбыз. Дайындоодо критерийлер татаал болуш керек. Бардык талаптарга жооп берген киши болушу керек. Жоопкерчилик деген бар. Эртең мамлекет, эл-журт президенттен, министрден сурайт. Менин жеке пикиримде дайындоо жолуна барганыбыз туура.

Дүйшөн Шаматов: Шайлоо системасынын жакшы иштебей калышы кээ бир окуу жайларда жаралган ит жыгылыш талаш маселелерди чечүүнүн эрежелери так иштелип чыкпаганына да байланыштуу болду. Менин кесиптештерим дайындоо эрежесин сунуш кылып жатышат. Бирок азыркы учурда кепилдик болбой атпайбы. Ошол жоопкерчиликти алган тарап (президент, министр) өз жакындарын, туугандарын дайындап койбойт деп ким кепилдик бере алат?

Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда бир жагынан жогорку окуу жайларга автономия берүү тенденциясы болуп жатат. Автономия берип коюп, кайра ректорду дайындасак карама-каршы келип жатпайбы.

Расул мырза туура айтты, негизинен Камкорчулар кеңеши чечет. Бирок алар студенттер менен окутуучулардын пикирин укпай койбойт. Мисалы, жаңы талапкерлер студенттерге кайрылып, өзунүн платформасын, өнүгүү стратегиясын айтып беришет. Студенттер чечүүчү ролу ойнобосо дагы чечим чыгарарда комиссия студенттердин, окутуучулардын пикирин сөзсүз эске алат. Азыркы учурда бул колго алынбаган сыяктуу. Студенттин пикирин эске албасак, сырттан келген адис кантип башкарарына кепилдик бере албайбыз да.

Эң көйгөйлүү жери Кыргызстанда атайын жетекчилерди даярдоочу окуу жайы жок. Университетти кантип жетектесе болот? Стратегиялык пландоо кандай болот? Изилдөө, теория жагынан даярдык жок болгондуктан, бизде катардагы ийгиликтүү адам эле коюлуп калууда. Лидердик сапаты эске алынабы же илимдин доктору болсо эле дайындап коебу, ушул жагы менимче бүдөмүк болуп жатат.

Талкуунун толук версиясын бул жерден көрүңүз:

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Наталья Сергунина: более 12,4 тысячи волонтеров помогают на выставке «Россия»

Станцию «Тютчевская» Троицкой линии оснастили эскалаторами и турникетами

Гуцул заявила, что хотела бы ещё раз встретиться с Путиным

Захарова: процесс делистинга талибов вызван важностью контактов с ними

Музыкальные новости

Пиар Менеджер для Артистов, Музыкантов, Композиторов, Актеров, Поэтов, Писателей, Моделей, Дизайнеров, людей любых творческих профессий и брендов!

В Русском драматическом театре побывали потомки Николая Бестужева

Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»

Помощь российских армян СВО. Поддержка тыла важна для передовой

Новости России

Обвиняемого в убийстве активиста в Подмосковье арестовали на два месяца

РФ и КНР будут круглогодично использовать Севморпуть

Более 12,4 тысячи волонтеров работают на выставке «Россия» в Москве.

Станцию «Тютчевская» Троицкой линии оснастили эскалаторами и турникетами

Экология в России и мире

Пошив костюма по индивидуальным размерам

Proenza Schouler, коллекция pre-fall 2024

Армянские ковры Арцаха (Карабаха) с уникальным орнаментом представлены как «генетический код» Азербайджана - сайт monumentwatch

Жители Барнаула помогут сделать родной город чище

Спорт в России и мире

Калинская поддержала Синнера после поражения на "Ролан Гаррос"

Уимблдон и Олимпиада? Что нужно знать о планах Рыбакиной после Ролан Гаррос

Теннисистка Андреева заявила, что хочет войти в топ-20 рейтинга WTA ради собаки

Тарпищев о Медведеве и Рублеве: без травм сыграют в Париже лучше, чем в Токио

Moscow.media

Гора Бабырган

SURREAL NAMIBIA

В этом году планируют заключить контракт на реконструкцию еще одного участка трассы Р-23 в Ленобласти

Работать там, где удобно: беспроводная гарнитура Fstyler BH230 от A4Tech







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *