Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Элина: "Инкарчыга" экинчи аял болгом, араң кутулдум...

Элина:

Динзар адамга экинчи аялдыкка тийген Элина "Укугум бар" программасына кайрылды. Эки кыздуу болгон аралыкта күйөөсү "Йакын Инкар" агымына кирип, дин таанымын да, көз карашын да өзгөртүп, үй-бүлөсүнө талабын катаалдаштырып, балдарды окутууга каршы болгон.

Каарманыбыз Элина өзү да динге жакын үй-бүлөдө чоңойгон, биринчи турмушунан жолу болбой бир кызы менен ажырашып кеткен экен.

"Негизи эле чоң энем, атам менен апам намаз окушчу. Мектепте хижаб кийбедим. Атам бизге окуганга, өсүп-өнүгүүгө тыюу салган эмес. Университетте чет тилдер факультетинде окудум. Биринчи турмушумдан жолум болбой, ажырашып, бир кызым менен калдым. Күйөөм биздин чөйрөдөн эмес эле, ичип алып, кызганып кол көтөрчү. Мындай жашоого чыдабай ажырашып кеттим".

"Динчил адамга экинчи аял болуп тийдим"

Элина ажырашкандан кийин хижаб кийип, диний чөйрөгө көбүрөөк аралаша баштаган. Жума сайын исламдан сабак алып турган. Экинчи күйөөсүнө ошол жакта чогуу окуган келиндер тааныштырган.

"Сабакка жашы улуу эжелер дагы барышчу. Алардын бири мага жакшы адамдын көзү түшүп калганын айткан. Сыртымдан көрүп, мүнөзүмдү жактырган экен. Үй-бүлөсү бар экенин укканда макул болбодум. Анын үстүнө кайра күйөөгө тием деген ой жок болчу. Бирок тиги адам ошол эже аркылуу сөз айттырып, түрдүү белектерди жиберип турду. Кийинчерээк телефондон жаза баштады. Мен шаарда, орусча сүйлөп чоңойгон кызмын. Тигил адам да Бишкекте чоңоюптур, орусча сүйлөчү, интеллектин бааладым. Атамдын көзү өтүп кеткен, өзүм айта албай, ошол сабактагы эже аркылуу апама айттым. Үй-бүлөсү бар, жашы улуу адамга экинчи аялы болуп күйөөгө чыгуума апам башында каршы чыккан. Аны уккан тиги адам ортомчулар аркылуу апам менен таанышып, жолукту. Апам "өзүң бил кызым, жашоо сеники, бактылуу болоруңа көзүң жетеби" деди. Ошондон кийин бат эле нике кыйып, үйлөндүк. Мени үйүнө алып барган жок. Туугандарына деле көрсөтпөдү. Шаардан бир бөлмө батир жалдап, кызым экөөбүздү киргизип койду. Башында жумасына 4-5, кээде 3-4 күн келип турчу. Экинчи аялы болуп жашоо оңой эмес экенин, ортодо бир күйөөнү бөлүшүү аял үчүн оор экенин ошондо түшүндүм. Бирок башка айлам жок эле, боюмда бар болчу".

Элина жеке менчик мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, көз жарарга жакын декреттик өргүүгө чыккан бойдон ишин уланта алган эмес.

"Ошол боюнча иштеген жокмун. Күйөөм иштегенимди жактырчу эмес. Улуу кызым экиге толгондо, дагы кыз төрөдүм. Ошентип үйдө отуруп калдым. Жолдошум намаз окуп, динде жүргөнү менен өзүнүн бизнеси бар эле. Мага эмне бизнес экенин ачык айтчу эмес, бирок тамак-аш, кийим-кече менен камсыздап турчу. Негизи эле мага өзү, иши, биринчи үй-бүлөсү тууралуу көп айтчу эмес. Сурасам, "канча аз билсең, ошончо тынч жашайсың" деп койчу. Өзүм да ага макул болуп, көп сурабайт элем. Кыздарым бир аз чоңойсо, иштейм деген тилек менен жүрдүм".

"Дааватка барып келгенден кийин өзгөрдү"

Элинанын айтымында, эки аял алып, бизнес жүргүзүп жүргөн күйөөсүнүн мүнөзү Индияга дааватка барып келгенден кийин өзгөрүп кеткен.

"Дааватка деле чыкчу эмес. Мурдагы жылы Индияга кырк күнгө дааватка кетип, үч айдай жоголуп кетти. Коронавирус пандемиясына чейин кеткен, ортодо карантин болуп, убагында кайта албай, көпкө жүрүп калды. Бизге бул жакта апам каралашып жатты. Майдын аягы, июнь болсо керек эле, карайып күйүп келди. Узун сүннөт кийим кийип, чачы да өсүп кетиптир. Мага жүдөп калгансып көрүндү. Келгенде эле башкача болуп келди. "Бул дүйнөнүн ыракаты бир тыйын, тиги дүйнөнү ойлонушубуз керек" дегенден башканы айтпай, бизге телефон кармаганга, телевизор көргөнгө тыюу сала баштады. Кабат үйдөгү шарттары бар батирден чыгып, "арзан, жер үйгө жашайсыңар" деген шарт койду. Мен өзүбүздү ойлобосок да кичинекей кыздарды ойлошубуз керектигин айтып, көнбөдүм. Мага колу тийчү эмес, ошондогу чатакта урду. Улуу кызымды бакчага барбасын деп чыкты. Мени да көчөгө чыгарбай, чыксам колдорума чейин жабык кийип чыгышымды талап кыла баштады. Берки бүлөсүнө да ошондой эле мамиле кылып жатканын уктум. Хужрага (аялдардын апталык дин сабагы) жибербей, "сени бузат, алар адашкандар" деп диний сабак окуганыма тыюу салды. Колумдан телефонумду тартып алып, элден бөлүп салганда катуу айтыштык. "Жообумду бер, мен минтип жашай албайм" десем, "Жообуңду аркы дүйнөдө берем" деп сабады. Акча бербей, апам тамак ташып багып жүрдү. Айлам кеткенде онлайн сабак алып, иштей баштадым. Бир күнү аны да байкап калып, компьютеримди талкалап салды. "Жообумду бер" деген талабым күч алды. Ортодогу балдар да талашка түштү. "Шарият боюнча балдар меники. Сен эч ким эмессиң" деди".

Каарманыбыз күйөөсүнүн улуу кызын мектепке берүүгө каршы чыкканы "Азаттыкка" кайрылууга себеп болгонун айтты.

"Балдарды талаша баштады. Менин биринчи турмушумдан туулган улуу кызымдын тарбиясына да кийлигише баштады. Кызым быйыл мектепке, 1-класска барышы керек. Өткөндө электрондук каттоо кылып, мектепке киргизейин десем, "мектепке окутуп, ыймансыз кыз кылгың келип жатабы, окубайт" деди. "Кызымдын тагдырына мен жоопкермин" деп дагы урушуп кеттик. Акыры "сенин каралашканыңдын кереги жок, сенсиз эле балдарымды өзүм багып алам, Кудайым мени да көрүп турат, ким туура жолдо, ким туура эмес жолдо экенин бир Аллах гана билет" деп батирден чыгып кеттим... Ал дагы деле мени өзүнүн аялы деп санайт. "Жообуңду бере элекмин" деп ызырынып, кыздарыма мени "бул тозоку силерди да тозокко алып барат" деп айта берет".

"Алиментке үмүтүм жок, бирок кыздарымды өзүм багам"

Элина экинчи күйөөсүнөн моралдык да, материалдык да жардам күтпөйт.

"Расмий никеге турбагандан кийин андан кантип алимент өндүрүп алам? Анын үстүнө "инкарчы" болуп кеткенден кийин бизнесин таштап койгон. Кудайым колдоп турса, кыздарымды өзүм багам, окутам, билимдүү кылам. Учурунда окуп алганым жакшы болуптур, англис тилин билгеним көп мүмкүнчүлүккө жол ачты. Азыр котормолорду алып, буюртма менен текст жазып, иштеп жатам. Тапканым өзүмө да, кыздарыма да жетет. Жаман жолго басканым жок, намазым ордунда. Адал эмгегим менен балдарымды багып атам. Кичинекей кызым экөөбүздү "эч нерседен кем кылбай багам" деген адамга ишенип, тийип алганымды эстесем күлкүм келет. Кыздарга кеңешим, 2-3-аялы болуп күйөөгө тийип, "эч нерседен кем болбой жашайм" деген кыялыңарды унуткула. Андан көрө билим алгыла дегим келет".

Учурда Элина мурдагы курсташтарынын жардамы менен IT-тармагын өздөштүрүп жатат. Аз убакта бул тармакта иштеп, дагы көп максаттарына жетүүнү көздөп турган учуру.

Кыргызстандагы көп аялдуулук темасы ачык талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам бул маселени ачык көрсөткөн статистика да жок. Ошондой эле Кыргызстандагы чогуу жашаган үй-бүлөлөрдүн да канчасы расмий, канчасы жарандык никеде экенин аныктаган маалыматтар жок.

"Азаттык" радиосунун “Данисте” берүүсүнөн экинчи же үчүнчү аял болгондордун көшөгө артындагы жашоосун, маселенин экинчи тарабын көрө аласыз.

“Йакын инкар” диний агымы – “Таблиги жамаат” уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн “пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз” деп эсептешет. Бул диний агым 2017-жылы экстремисттик деп табылган.

Мындан тышкары сот 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салган.

Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшүл-Махди”, “Ансарул-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Оборот МСП в Подмосковье превысил 1,3 трлн рублей

Свыше 1,5 тысячи человек отпраздновали День России в Солнечногорске

«Технополис Москва» возглавил рейтинг индустриальных парков и ОЭЗ России

Путин осмотрел коллайдер NICA в институте ядерных исследований в Дубне

Музыкальные новости

«Пятерочка» объединила сотни тысяч россиян на Дне соседей

Многоходовка Путина опять сработала. Китай строит дорогу в обход России, но Москве это на руку

С компании брата Галкина хотят взыскать более 2 млн рублей

В ЦДКЖ 18 августа ждут любителей группы «Рекорд Оркестр» на Квартирнике Евгения Маргулиса

Новости России

На Рогачевском шоссе в Лобне приступили к укладке асфальта

Выступление кинологов и собак ФТС пройдёт в Москве

Два юных нижегородца стали призерами международного патриотического конкурса

Потребительский эксперт Борисов призвал проявлять осторожность при покупках на ярмарках и рынках

Экология в России и мире

Азербайджан назначил столицей тюркского мира талышский город Ленкорань. Талышские организации мира бьют тревогу

Лучшие образы на лето, от которых захватит дух

1 массажное упражнение для лица, которое можно делать даже лежа в постели - щеки и овал лица подтянутся, а носогубные складки расправятся

Пегас сделал важное заявление о будущих турах на предстоящий зимний сезон

Спорт в России и мире

Испанец Алькарас выиграл у Зверева и стал победителем Roland Garros

Касаткина опустилась в рейтинге WTA, Андреева впервые вошла в топ-25

Новак Джокович дал дорогу молодым // Борьбу за первое место в рейтинге АТР в этом году поведут Янник Синнер и Карлос Алькарас

Хачанов вылетел с турнира ATP в Хертогенбосхе после первого же матча

Moscow.media

"Дети в шоке". В Новоуральске машина ДПС сбила байк с детьми 13-ти и 8 лет

В Санкт-Петербурге нашли женщину на красной машинке, которая не пропускала скорую помощь

Дело Маши Люлиной всё. Насильника, убившего соцработницу в Богородске, осудили за убийство ребенка

Летний Петербург. Старо - Калинкин мост







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *