Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Оштогу жол кырсыгы: эки келин, беш бала каза болду

Оштогу жол кырсыгы: эки келин, беш бала каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип оодарылып, алты кишини басып калды. Алардын баары - бир аял, бир сегиз айлык боюнда бар келин, үч кичинекей кыз жана бир ымыркай окуя болгон жерде каза болду.

Кырсык Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн Жаңы-Маала айылында эрте мененки сегиздер чамасында болгон. Анда көмүр ташып келе жаткан HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип оодарылып, алты кишини басып калып, баары ошол замат каза болгон. Мерт кеткен келиндин бири сегиз айлык кош бойлуу экени белгилүү болду.

Каза болгондор эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү

Кырсыктан каза болгондор эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү, тагыраагы, эки келин жана алардын балдары.

Саадат Мырзаева 28 жаштагы кызын, эки небересин жоготту. Ал кызы менен дары алганы жөнөп, аялдамада күтүп турганда жүк ташыган унаа келип кулаганын айтып берди.

"Аялдамага барсак, кош бойлуу келин балдары, кайненеси менен отурган экен. Алардын жанына отурдук. Мен бутум ооруп, ордумдан турдум да берки көчөнүн баш жагына бастым. Жүк ташыган машиненин келатканын көрдүм. Ал кулаганда үстүнөн түшкөн көмүр менин бутума да тийди. Эмне болгонун билбейм, бери жакка кулап түштүм. Баары көз алдымда болду. Баламды куткара албай калдым."

HOWO унаасы көмүрдү Папан айылынан ташып келе жатканы айтылды. Кырсык боюнча 24-июнда саат 8:27де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшүп, райондук бөлүмдөн тогуз куткаруучу жана бир кран тартылган.

"Жүк ташуучу унаа батыштан чыгышты көздөй көмүр ташып бара жаткан. Айдоочу 1997-жылы туулган жаран экен. Ал унааны башкара албай калып, жол жээгинде турган алты адамды басып калган. Алардын баары ошол замат каза болгон. Кырсык болгон жерге Ош шаардык башкармалыгынан тогуз куткаруучу тартылган. Унаа басып калган адамдардын сөөктөрү чыгарылып, экспертиза үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деди ӨКМдин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы Сүйүнтбек Осмонов.

Жолду тарыткан мыйзамсыз курулуштар

Бул кырсык Жаңы-Мааленин жолун кеңейтүү маселесин козгоду. Ал жерден унаалар көп каттагандыктан, жергиликтүү тургундар жолдон ары-бери өтүү кооптуу экенин айтышат. Айыл тургуну Букия Тажибаева чоң жолдун боюна светофор орнотуп берүүнү жергиликтүү бийликтен көп жолу суранганыбыз менен аткарылбай келет дейт.

"Жолдорубуз тар. Унааларга кол булгалап жатып араң өтөбүз. Бул жолдун чети да абдан тар. Балдарыбыз да аябай шок. Бул жерде жети адам каза болду".

Кырсык болгон жерде жол четинде мыйзамсыз курулган дүкөндөр да көп экени, жөө жүргүнчүлөргө кооптуу болуп калганы да айтылды. Жергиликтүүлөр 4,5 миң калк жашаган Жаңы-Мааледе соңку жылдары жаш балдар катышкан жол кырсыгы көбөйгөнүн да көтөрүштү. Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Тынчтыкбек Садыков бул боюнча комиссия иштеп жатканын, жол четиндеги мыйзамсыз курулуштар алынарын билдирди.

"Жол жээгине чыгып кеткендер боюнча мурун комиссия түзүлгөн. Мыйзамсыз курулуштарга каршы чаралар сөзсүз көрүлөт. Мындан сырткары аялдамаларды да орнотобуз. Манас эстелигинин айланасына биринчи жумуш катары аялдама койдук. Эл пайдалана турган аялдаманын баарын коебуз. Бул маселелер чечилет. Мыйзамсыз курулуш ээлери каршылык көрсөткөнүнө карабастан чаралар көрүлөт".

Алты адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тергөө жүргүзүп жатат. Милиция соттук-медициналык экспертизанын жана транспорттук экспертизанын бүтүмүнө карап кылмыш ишин козгой турганын билдирди.

Бул арада 18-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эс алууга бараткан бүтүрүүчүлөр кырсыкка кабылып, беш бала жараат алганы кабарланды. Кырсык Кербен - Үч-Коргон жолунда болуп, 19 жаштагы бала башкарып бараткан унаа жардан кулаган. Жараат алгандар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Учурда алардын экөөнүн абалы орто оор деп бааланып, бирине операция жасалган. Төртөө ооруканада жатат.

Жол кырсыгы: үч айда 110 адамдын өмүрү кыйылды

Жол кырсыктары Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. 21-майда Кадамжай районундагы Чечме айылында Өзбекстан менен чектешкен жердеги чек ара бекетинде оор жүк ташуучу унаа катышкан ири жол кырсыгы катталып, сегиз адам каза болгон. Кырсыкка кабылган унаа Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык экени, ал Кадамжайдагы айылдарга селдин кесепеттерин жоюу үчүн техникаларды алып бара жатканы аныкталган.

ИИМ бул окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

19-майда Кочкордо үрөй учурган жол кырсыгы катталып, төрт адам набыт болгон. Анда “КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машина менен Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил машина сүзүшүп, 72, 23,13 жана беш жаштагы жүргүнчүлөр мерт болуп, экөө жараат алган .

ИИМ тараткан маалыматка таянсак, быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталган, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алды.

Кыргызстанда 2021-жылы жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсыктардын 95% айдоочулардын эреже сактабаганынан улам келип чыкканын билдирет.

Иликтөөлөр өлкөдө жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болорун көрсөткөн. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарынан 1 млн. 350 миң кишинин өмүрү кыйылат.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

"Новые люди" в Алтайском крае подвели итоги работы в мае

Визажист из Омска требует с Чекалиной более млн рублей

ФК «Коруна» из поселения Кокошкино одержал победу над командой Dolce Vittoria

Художник из Воскресенска Виктор Гончаров получил почетное звание

Музыкальные новости

Путин заявил, что Москва рада приросту исламского населения

Глава "Рексофт" - в топ-100 отечественных ИТ-лидеров

Дмитрий Медведев поддержал инициативу губернатора Андрея Чибиса по созданию на базе КНЦ РАН арктического научно-технологического кластера

ЦСКА забрал кубок из Казани // Армейцы вернули себе титул чемпиона Единой лиги ВТБ

Новости России

В Подмосковье запустят производство компонентов двигателей и шасси

Визажист из Омска требует с Чекалиной более млн рублей

Двухэтажное здание в Парке Горького выставили на городские торги

Художник из Воскресенска Виктор Гончаров получил почетное звание

Экология в России и мире

Россияне решили этим летом меньше отдыхать на курортах

История без фальсификации: Шемахи в первой половине XVIII века

Областная наркологическая больница запускает летнюю профилактическую кампанию для юных свердловчан

Это вовсе не только Питер: названы 15 городов России, куда можно поехать на белые ночи

Спорт в России и мире

«Контракта на экипировку у меня до сих пор нет» // Теннисистка Анна Калинская о лучшем сезоне в своей карьере

Елена Рыбакина добилась впечатляющего достижения

Джокович — о травме: На данный момент, вроде все нормально, но я не знаю, что будет утром

Андреева рассказала о своих планах на предстоящий матч с Соболенко во Франции

Moscow.media

В Москве арестовали бывшего замглавы Росприроднадзора по делу о мошенничестве

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки

В этом году обновят 35 км трассы Р-255 Сибирь в Тайшетском и Нижнеудинском районах Приангарья







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *