Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Даниярга даңк алып келген "Саманчынын жолу"

Даниярга даңк алып келген

Макаланын автору Аманбек Жапаров - журналист, педагог-режиссер. 1979-1983-жылдары Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институтунун режиссура бөлүмүндө окуган. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында артист жана режиссёр болуп иштеген. “Азаттык” үналгысы менен 1998-жылдан тартып кызматташып, ондогон маек жана макалаларды жазган. Соңку жылдары кыргыз искусствосуна, көркөм өнөрүнө бараандуу салым кошкон инсандар тууралуу макалаларды жазып келүүдө.

 

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Сыйлыкка алып келген жол

Кечээ жакында Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын актеру Данияр Жанжигитов мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болду.

Данияр менен алгач 2000-жылы Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын сахнасынан көргөм. Массовкадагы шайдоот кыймылы купулума толуп, оргуштаган таланты катылып жаткандай туюлду. Кийин "Абийир кечирбейт" спектаклин сахнага алып чыкканда ага Сейиттин ролун бердим.

Бир жолу репетицияда "Сейиттин айта турган деле сөзү жок тура" деп маанайы чөгүп жаныма келди. Мен ага бул ролду ички сезим менен ойноо керектигин түшүндүрүп, Нурдинге (спектаклдеги дагы каарман-ред.) жасаган кыянаттыгыңды топтоп туруп аягында айтасың деп түшүндүрдүм. Данияр ошол сүйлөшүүдөн кийин бир дагы репетицияны калтырган жок. Башка актерлор ролду кандай ойноп жатканына көз салып турчу.

Кийин спектаклди койдук. Сейит Нияздын торуна түшүп, Нурдин менен Шайыргүлдүн ортосуна от салганын айткан жери бар эмеспи. Данияр ошол эпизодду аткарып жатканда көрүүчүлөр арасында ачууланып, аны урушуп жибергендер болду. Менин жубайым үйгө келгенде "Сейитиң акмак турбайбы" деди бул жөн гана спектакль экенин унуткандай. Адатта көрүүчүлөр актер ролду ийине жеткире аткарганда гана актер экенин унутуп калып тилдешет эмеспи.

Кийин менин шакиртим, ыраматылык Марат Козукеев менин "Эр достугу эгиз, эл достугу деңиз" драмамды сахналаштырганда башкы каарманды ойноду.

Актерлордон турган "ДЭМ" театрына кошулуп, комедиялык образдарды чеберчилик менен аткарып эл көзүнө илинди.

Мага дайыма Даниярдын ысымы чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына байланып коюлгандай сезиле берет. Эң кызыгы залкардын калеминен жаралган чыгармалар Даниярдын жылдызынын жанышына жол ачкан десем жаңылбасмын.

Адеп "Кылым карытаар бир күн" спектаклинде Эдигейдин образын абдан жеткиликтүү ачып берип, театр ишмерлеринин мактоосуна татыган.

2016-жылы "Саманчынын жолу" спектаклинде Майсалбектин ролун ойноду. Дал ушул ролу менен ал кыргыз маданиятында даражасы бийик Токтогул атындагы сыйлыкты алып берди.

Экинчи дүйнөлүк согуштун алааматын сүрөттөгөн "Саманчынын жолу" повести кыргыз сахнасында алгач 1966-жылы коюлган.

Режиссер М.Назаралиев сахналаштырып, башкы ролду Даркүл Күйүкова ойногон спектаклдин бүткүл союздук республикалар көргөн. Театрда 10 жылдан ашык, баш-аягы миң жолу коюлганы айтылып жүрөт.

60 жыл мурда мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон бул спектаклди 2016-жылы режиссер, маркум Марат Козукеев сахналаштырган эле.

Ал чыгарманы интерпретациялап, драмалык касиети күчтүү, философиялык мааниси терең, масштабдуу оюн жаратканы үчүн "Саманчынын жолу" 2016-жылы кыргыз улуттук "Эргүү" театр сыйлыгынын эң башкы алты номинациясын жеңип алган.

Данияр менен сыйлык алганда баарлашсам, "ушул ийгиликтерди Марат байке (Козукеев-ред.) көрүп кетсе болмок, атаганат" деп үшкүрдү.

2017-жылы 47 жашында оорунун айынан капилет каза тапкан Марат Козукеев чынында эле таланттуу режиссер эле. Тирүү болсо жаш актер-актрисалардын далайынын күчтүү сапаттарын таап чыкмак. Актердун ичинде уктап жаткан талантты көрө билген касиети бар болчу.

Даниярдын Токтогул атындагы сыйлыкка илингени мага, жалпы театр ишмерлери үчүн да кубанычтуу кабар. Бул жөн эле сыйлык эмес, бул биздин коомдо Адамды, анын талантын убагында баалоого жетелеген жакшы жышаан. Бул тирүүлүктө көңүлдөн кымбат эмне бар? Далай мыкты уул-кыздарыбыздын кадырын көзү өткөндө гана билип, жоктоп, жер муштаган адатыбыз бар эмеспи.

Данияр кырктын кырына келди. 1999-2002-жылдары КУАДТ алдындагы театралдык окуу жайын, 2004-2008-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. 2002-жылдан бери Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру. Ушул мезгил аралыгында бир канча ролду ойногон.

2016-жылы 23-апрелде Шекспирдин өлгөнүнө 400 жыл толгондо "Гамлеттен" үзүндүнү ар башка өлкөнүн чыгармачыл адамдары окуган. Кыргызстандан бул миссияны аткаруу Данияр Жанжигитовго жүктөлгөн.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Режиссер Астрахан: вторая жена погибла из-за пожара, только сына смог спасти

Еще один житель Ульяновской области погиб в зоне СВО

Как яицкие казаки помогли строительству крепости Самара и за что воевода Засекин казнил атамана Мещеряка. Часть 1

«Ссора у них была». Брат выпавшей из окна банкирши подозревает её парня

Музыкальные новости

Финал областной школьной Олимпиады по шахматам состоялся в Опочке

США и Европа "подготавливают" Россию и Ближний Восток для переселений?!

СОТРУДНИКИ СОБР «СТОЛИЦА» СТАЛИ ИНСТРУКТОРАМИ НА СБОРАХ ПО БЕСПАРАШЮТНОМУ ДЕСАНТИРОВАНИЮ СПЕЦНАЗОВЦЕВ РОСГВАРДИИ В ВОРОНЕЖСКОЙ ОБЛАСТИ

Юлия Пересильд, московский Театр на Таганке, ММОМА – участники 3-его фестиваля «Территория. Красноярск» раскрывают грани современного искусства

Новости России

Красноярцы стали гораздо чаще путешествовать самолётами

Синоптики спрогнозировали облачную теплую погоду в Москве 9 июня

«Ссора у них была». Брат выпавшей из окна банкирши подозревает её парня

Режиссер Астрахан: вторая жена погибла из-за пожара, только сына смог спасти

Экология в России и мире

Пошив костюма по индивидуальным размерам

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Новая коллекция ювелирных украшений Louis Vuitton

Жители Барнаула помогут сделать родной город чище

Спорт в России и мире

Экс-теннисист Ольховский: Рублев не успел набрать форму на "Ролан Гаррос"

Ига Свентек в четвертый раз выиграла Открытый чемпионат Франции по теннису

Экс-теннисист Ольховский: российские теннисисты выступили ниже ожиданий

Тарпищев о Медведеве и Рублеве: без травм сыграют в Париже лучше, чем в Токио

Moscow.media

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

В Орле опять неполадки с движением троллейбусов

Военные следователи провели рейд по бывшим мигрантам в Керчи

SURREAL NAMIBIA







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *