Доллар тартыштыгынын себеби эмнеде?
Кыргызстанда доллардын курсуна байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп жатат. Өлкөдө накталай доллар тартыштыгы сезилип, ишкерлерге кошумча түйшүк жаратууда. Өкмөт жана Улуттук банк муну Орусиядагы кырдаалга байланыштырып, накталай долларлар Орусияга чыгарылып жатканын билдирип келет.