Индияда экинчи жолу аял президент шайланды
Индияда Улуттук-демократиялык альянс менен Индиянын улуттук партиясы сунуштаган мурдагы сенатор Драупади Мурму өлкөнүн жаңы президенти болуп шайланды. Ал республиканын экинчи аял президенти жана атайын тизмеге алынган уруулардын ичинен чыккан биринчи мамлекет башчы болуп калды.
Мурму – 64 жашта. Чыгыштагы Одиша штатынындагы мунда уруусунун ичиндеги сантал тобунун өкүлү. Бул уруу Индиянын тарыхында эң төмөнкү каста деп саналган топтордун катарына кирген.
Азыркы президент Рам Натх Ковинддин мөөнөтү 24-июлда аяктайт. Мурму 25-июлда ант берип, ишке киришет.
Драупади Мурму – Бхубанешвар шаарындагы Рамы Деви айымдар университетинин искусство бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү. Көп жыл мугалим болуп иштеген жана 20 жыл мурда саясатка аралаша баштаган. Буга чейин Одишанын өкмөтүндө кеңешчи, штаттын транспорт министри болуп иштеген. Мындан сырткары эки мөөнөт жергиликтүү парламентке мүчө болгон. 2015-жылы ал Жаркханд штатында биринчи аял губернатор болуп шайланган.
Индияда президенттик кызмат формалдуу орун болуп саналат. Бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, премьер-министрдин ыйгарым укуктары чоң. Саясий туруксуздук маалында гана президент саясий роль ойношу мүмкүн. 2007-жылдан 2012-жылга чейин өлкөдө биринчи аял президент болуп Пратибха Патил иштеген. Калгандарында жалаң эркектер президент болгон.
Өлкөдө президентти калк түз шайлабайт. Аны парламенттеги жана жергиликтүү кеңештердеги депутаттар же тандоочулар коллегиясы шайлайт. Алар добуш берүүнү 18-июлда баштап, 21-июлда аяктады. (ErN)