Бишкекте Юрий Низовскийди колдоо митинги өтүп жатат
Бишкектеги № 61 мектептин директору Юрий Низовскийди өз ордунда калтырууну талап кылган жарандар 27-июлда шаардын Горький багында акция өткөрүштү.
Ата-энелер колдоруна "Низовскийдин билим берүүгө кошкон салымы чоң!", "Низовский өз ордунда калсын!", "Низовский менен билимдин туу чокусуна!" деген жазууларды кармап турушат.
Жыйынга чогулгандардын пикиринде, эгер Низовский кызматтан кетсе, №61 мектептеги мугалимдер да башка жакка кетип калышы ыктымал. Алар президентке кайрылып, жарлыкты кайра карап чыгууну, документте Юрий Низовский сыяктуу директорлорду ордунда калтырган пункт болуш керек деген пикирин айтышты. Алар аталган мектеп республикалык жана эл аралык сынактарда жакшы жыйынтыкты көрсөтүп жүргөнүн жүйө келтиришти.
Акцияга чыккандардын өкүлдөрү Билим берүү жана илим министрлигине барышты, аларды министр Алмазбек Бейшеналиев кабыл алууда.
Буга чейин Юрий Низовскийдин өзү "директорлорду тандоо боюнча сынакка катышуу ал үчүн ар-намысына шек келтирген кадам" болорун айткан.
Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 26-июлундагы №1484/1 буйругунун негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурс жарыяланды. Ага ылайык өлкөдөгү 2333 мектептин ичинен 966 мектептин жетекчилигине сынак башталды.
12-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан кетет.