"Дөө Чыңгыз" атка конгон кримтөбөл абакта киши колдуу болду
Кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 30-июлда №1 тергөө абагында киши колдуу болгонун Жаза аткаруу кызматынан ырасташты.
ЖАМКнын басма сөз кызматынан анын өлүмү тууралуу толук маалыматты кечирээк бере турганын билдиришти.
Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмыш тобунун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун бөгөт чарасын 15-июлда караган. Ага ылайык, Жумагулов 7-сентябрга чейин №21 абакта болору кабарланган.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кримтөбөл кармалганын 15-июлда билдирген.
Ага чейин Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында 8-июлда Жумагуловду кармоо маалында ага ок тийгенин, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөнүн айрым журналисттер жазып чыккан. УКМК Чүйдө кылмышкер изделип жатканын, бирок Жумагулов менен атышуу болбогонун билдирген.
2016-жылы Жумагулов адам өлтүрүүгө катышуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, кылмыштуу топ түзүү деген айыптар боюнча күнөөлөнүп, абактан эки жылдан кийин бошотулган.
2020-жылдын 11-апрелинде Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шек саналып кармалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.
2020-жылдын 19-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны бул окуяга байланыштуу "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" жана "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренелери боюнча актап, "Ээнбаштык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп тапкан жана беш жылга абакка кескен.
2021-жылдын 12-июлунда Жумагулов абактан чыккан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн сот чечими менен мыйзамдуу бошотулганын билдирген. Анын тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелгени айтылган. (КЕ)