Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Четтеги мекендештер Баткенге жардам чогултууда

Четтеги мекендештер Баткенге жардам чогултууда

Дүйнөнүн төрт бурчунда жашаган кыргызстандыктар Баткендеги куралдуу чек ара жаңжалында жабыркагандарга жана жоокерлерге кол суна баштады. Түркия, АКШ, Германия жана Орусиядагы мекендештер акча чогултуп, айрымдары аскердик жабдыктарды алып жөнөтүүдө.

Түркиянын Анталия шаарында түптөлгөн "Кыргыз айымдар" коомунун мүчөлөрү 17-сентябрдан бери кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда жабыркагандар үчүн материалдык жардам чогулта баштады.

Коомдун жетекчиси Периза Асанаалиева өзү Бишкекке барып, атайын эсепке чогулган акчага айрыкча Баткен шаарына эвакуацияланган кош бойлуу аялдарга керектүү дары-дармектерди алууну көздөп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Учурда Баткен жана Чоң-Алайда болуп жаткан окуялар баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутуп турат. Анталиядагы мекендештер Баткенге колдон келген жардамды берели деп кабарлашып жатабыз. Мен эртеңден баштап чогулган акчага Бишкектен ымыркайларга тамак-аш жана кош бойлуу аялдарга зарыл нерселерди салып жиберем".

19-сентябрда Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинде, Стамбулдагы башкы консулдугунда жана Анталиядагы консулдугунда көңүл айтуу китеби ачылды. Анталия шаарындагы кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү аза күтүү дептерине ыр саптарын жазып, мекендештерине тилектештик көрсөтүштү.

 

Ал эми Анкара университетинде окуган Медербек Алибаев кыргызстандык студенттердин арасында да каражат чогултула баштаганын билдирди. Ал үчүн ишкерлердин кеңселерине атайын кутучалар жайгаштырылган.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги чек арада жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүүнү каалагандар кайрылып жатканын, алардан топтолгон каражаттар Бишкекке жөнөтүлүп жатканын "Азаттыкка" ырастады.

Европа, АКШдагы мекендештер

Дүйшөмбүдө Германиянын Штутгарт шаарындагы мекендештер "биз тынчтыкты каалайбыз" деген плакаттарды кармап, жөө жүрүшкө чыгышты.

 

Жекшембиде АКШда жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын Вашингтондогу элчилигинин жана Ак үйдүн алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар чек арадагы куралдуу кол салууда жайкын тургундар набыт болушуна тажик тарапты айыптап, эл аралык коомчулукту бул окуяга көңүл бурууга үндөштү.

Акцияга катышкандардын бири Сейитбек Усманов кыргыз бийлиги коргонуу жана коопсуздук жаатында жаңы реформаларды жасашы керек деген пикирин айтты:

"14-сентябрдан баштап тажик армиясы кыргыз жерин басып кирди. Анда жайкын тургундар жана жоокерлер каза болду. Бул өтө өкүнүчтүү окуя. Кыргыз бийлиги чукул реформа кылышы керек. Армия тез арада курал-жарак, дрондор менен жабдылышы керек".

 

Орусияда иштеген айрым кыргызстандыктар чек арадагы жоокерлерди техникалык жабдык менен камсыздоо үчүн каражат чогулта баштады. Москвада иштеген Алмазбек Кыясов достору менен чогуу чек арачылар үчүн зарыл болгон каражаттарды жөнөтүшкөн.

"Оболу Орусиядагы айрым кыргызстандыктар гуманитардык жардам чогултуу сунушун айтышкан. Кийин тайпаларда бронежилет, дрон, тепловизор дүрбүлөр керек деген кабар келди. Дароо акча чогултуп дүрбү алып, Баткенге жөнөттүк".

Кыясов Орусиядагы кыргызстандыктар топ-топ болуп ар кандай жардамдарды чогултуп жөнөтүп жатканын кошумчалады.

Казак элинен жардам

Ал арада казакстандык журналист Назгүл Жарбулова чек арадагы кагылышуудан жабыркаган боордош кыргызстандыктарга гуманитардык жардам үчүн акча чогултууда.

19-сентябрга карай 8 миллиондон ашык теңге топтоп (16.800 АКШ доллар), аны азык-түлүк, дары-дармек алыш үчүн кыргызстандык ыктыярчыларга жөнөткөн.

“Коңшу өлкөдө болуп жаткан трагедияны жөн эле карап туруу мүмкүн эмес. Өз үйүнөн ажырап, тиричилигин таштай качкандарга кийим, тамак-аш, дары керек. Кыргыз-казак эли илгертен бери бир тууган калк. Мен жардам чогултуп баштаганда мынча каражат келерин күткөн эмесмин”, - деди Жарбулова “Азаттыктын” казак кызматына.

 

Жарбулова чогулган акчанын биринчи траншын Кыргызстандагы экоактивист Исмаил Карыповго жиберген. Жарбулованын эсебине Армениядан, Орусиядан, Түркиядан “Кыргызстанга колдоо”, “Бир туугандарыбыз үчүн” деген кат менен акча которушкан.

Каржы министрлигинин 20-сентябрь, саат 17:30га карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 197 миллион сом түштү.

 

Чек арадагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу уланууда. Жер-жерлерде атайын жайлар уюштурулуп, анда чек арадагы жаңжалда жабыркап, коопсуз жайга эвакуацияланган тургундарга азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдарга зарыл болгон буюм-тайымдарды чогултуп жөнөтүп жатышат.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Подмосковное УФАС оштрафовало ООО «Эдвейс Диджитал» за нарушение закона

Прыгуны в воду из Подмосковья сразятся за звание чемпионов России

На западе Москвы мужчина открыл стрельбу из ружья, один человек погиб

Юбилеи Александра Пушкина и Михаила Глинки отметили в Брюсселе

Музыкальные новости

Студенты Академии Игоря Крутого раскрыли свои таланты

Погружение в современное российское искусство – стартовал 3-ий фестиваль «Территория. Красноярск»

Почта России выпустила марку в честь 225-летия со дня рождения А.С. Пушкина

Генпрокуратура потребовала передать государству велотрек с Олимпиады-80

Новости России

На западе Москвы мужчина открыл стрельбу из ружья, один человек погиб

Качество воздуха проверили в районах ТиНАО

Юбилеи Александра Пушкина и Михаила Глинки отметили в Брюсселе

В Москве откроют первый российский роботизированный автозавод по выпуску грузовиков

Экология в России и мире

Befree запускает сайт для поиска талантов

Слушатель из Смоленска выиграл на «Авторадио» «Москвич 3»

Это вовсе не только Питер: названы 15 городов России, куда можно поехать на белые ночи

Добрые рисунки: «585*ЗОЛОТОЙ» запустила конкурс ко Дню защиты детей

Спорт в России и мире

Мирра Андреева впервые вышла в четвертьфинал турнира Большого шлема

Соболенко, проигравшая Андреевой, потеряет 2-е место в рейтинге WTA по итогам «Ролан Гаррос», уступив его Гауфф

Елена Рыбакина добилась впечатляющего достижения

Андреева рассказала о своих планах на предстоящий матч с Соболенко во Франции

Moscow.media

"Рено" врезалась в столб, младенец в больнице

Планируете отпуск в России? В этих городах есть бюджетное жилье — называем список

В этом году обновят 35 км трассы Р-255 Сибирь в Тайшетском и Нижнеудинском районах Приангарья

В Москве арестовали бывшего замглавы Росприроднадзора по делу о мошенничестве







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *