Жалын чулгаган Достук, жарактан чыккан жаңы үйлөр
Баткенде 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууда чек арага жакын айылдагы турак жайлардын дээрлик баары өрттөлүп, талкаланганы маалым болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала эсеп боюнча талкаланган үйлөрдүн саны 365 экенин билдирди.