IT-түгөйлөр: Фейсбукта иштеген Гульзина, жасалма интеллекти изилдеген Замир
Кыргызстанда чоңоюп, Түркияда таанышып, Америкада жашаган Гульзина менен Замир Кремний өрөөнүндө иштешет. Гульзина Фейсбук компаниясында дата анализдөө боюнча адис, ал эми Замир жасалма интеллекттин жардамы менен кызматтарды жасаган C3 AI компаниясында улук башкаруучу.