Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Ичиңди ким бирөөгө мүрзө кылба": Динар акындын ак ырлары

Динара Бейшеналиева кыргыз поэзиясында өз үнү, өзгөчө стили бар акындардын бири. Быйыл "Ак" деген аталыштагы ыр жыйнагы жарык көрдү.

Биз акын менен аялдар поэзиясы, азыркы доордогу баалуулуктар, оош-кыйыштар тууралуу маектештик. Акындын алгачкы китеби 1992-жылы "Кызыл алма" деген аталыш менен чыккан.

"Ак" - көптөн бери көңүлүмө багып жүргөн сөз

- Динара айым, сиздин китебиңиз колго тийгенде "Ак" деген аталышы өзгөчө көрүндү. Китептин мукабасы дагы ак экен...

- Китептин атын "Ак" деп атаганым, көптөн бери көңүлүмө багып жүргөн сөз эле. Актын ичинде бардыгы бар. Ак – акыйкат, чындык. Төрөлүү – чындык, өлүм дагы чындык.

Туулгандан өлгөнгө чейинки жолдогу көкүрөккө ыр багып жүргөн адамдын өзөгү ак болуш керек деп ойлойм. Ошон үчүн "Ак" деп атагам.

Акын шамалдын ыргагын сезет, чымчыктын сайраганын угат. Кандай кабыл алса, ошондой эле жазат. Акын болгондон кийин өзүңө таандык өзгөчөлүк дагы, нукуралуулук дагы болушу керек. Адамдын убактысы, өмүрү эң баалуу. Ошону жакшы иш, жакшы ыр жаратууга жумшаш керек деп ойлойм. Окурман аны сезбей ортозаар жазган акын турбайбы деп, китебиңди четке жылдырып койгону - өмүрүңдү бекерге ысырап кылганың.

"Адамда бардык касиет бар: айбандык, адамдык, периштелик"

- Китептин бир жеринде "Көп учурда жакшы адамдарды периштеге теңешет. Бирок Адам периштеден да өйдө турушу мүмкүн, ар бир сөздүн жаны бар, эгер көңүлү кааласа, адамдын колунан баары келет" дегендей маанини бериптирсиз. Мен китептен сопулардын, сопучулук жолдо жүргөн акындардын кайрыктарын сезгендей болдум.

- Чыгыш акындарынын, сопу акындардын ырларын окуйм, өмүр баяндары менен таанышмын. Ар бир эле адам кайдан келдим, эмне үчүн жашап жатам, кайда баратам деп ойлонсо керек.

Кудайым периштелерге: "Мен жерге өзүмдүн орун басарымды жараттым" деп айтат экен. Адам Кудайдын орун басары деңгээлине коюлган. Адамда бардык касиет бар экен: айбандык, адамдык, периштелик. Кудай адамга "Кааласаң төмөндө жаша, кааласаң жогоруда жаша. Кааласаң мен сага чексиз ааламды бердим, учуп, мен көрсөтүп, дасторконго жайып койгон сулуулукту, ырдап, ошону көрүп ырахаттанып жаша" деп эркти берип койгон экен.

 

Периштелик - бул Адамдын өзүн бийик кармаган касиети. Кыргыз "башыңды бийик карма" деп айтат. Суу бууланып океандан өйдө бийикке көтөрүлүп, анан бийикке көтөрүлгөндөн кийин жамгыр болуп жаайт. Жерлерди, чөлдөрдү сугарат. Күн да чыгыш тараптан чыгып бийикке көтөрүлүп, анан бүт жан- жаныбарларга, тирүү затка өзүнүн жарыгын чачат. Адамда ошол кудуретке жете ала турган күч болот. Андай күчкө ээ болуу, бийиктикке чыгуу үчүн таза жол менен басыш керек экен.

Эй, Динар.

Сайды бойлой дайрага айланган ырлар,

Ыпылас сен жашаган шу жерге жаар,

Агарат таштан ташка агып жатып.

Ал кетти, алсырадым дебегиниң,

Урунган урчук ташка белегидир.

Эй, Динар кашыңа келгенин эле тиктей бербе,

Оозуңа келгенди эле жектей бербе,

Эт жебе, сага окшогон жандык болгон,

Ичиңди ким бирөөгө мүрзө кылбай,

Ичиңде жакшылыкты мүлдө кылгын.

- "Мен ырды ойноп туруп эле жаза албайм, кайсы бир кезде жазам, кайсы бир кезде калемиме жолоюн десем да жолой албайм" депсиз. Кыргыздын Жеңижок, Калыгул баштаган акын, даанышмандарына аян түшүп турган, аны ошол ыр саптар аркылуу берген деп айтылып жүрөт. Балким, сизде дагы ушундай касиет барбы деп ойлоп кеттим. Ушуга ишенесизби негизи?

- Мен буга ишенем. Адамдын касиети, жүрөгүнүн тазалыгы, ичинде күйүп турган тирүүлүктүн оту болуш керек. Адам тирүү ырларды жазыш үчүн өзү тирүү болуш керек.

Ичтеги оттун күйүп турганы мени күнү-түнү ыр жазууга мажбур кылат. Ойлоп көрсөм, адам 24 саат жаза берсе болчудай кудуретке ээ экен. Болгону күч-кубатың чектелүү турбайбы, чарчап кетет экенсиң, уктап эс алышың керек. Болбосо адам күндөп-түндөп жаза алат экен. “Кудай, мага өмүр берчи, мен ичимдеги чети оюла элек нерсени жазып калайын” деп тиленем.

- “Адамдагы тирүүлүк - бул от” деп калдыңыз. Мен азыр Прометей жөнүндөгү уламышты эстеп кеттим. Кудайлардан отту уурдап келип, адамдарга берип, аман сактап калат эмеспи. Балким От деген ошол тирүүлүктүн өзөгү, аң-сезим болуп жүрбөсүн деген ой келди азыр.

- От – бул жарык. Жарык – бул сүйүү, сүйүүнүн ичиндеги мээрим, боорукерлик, жумшактык, эрк, күч, кудурет, намыс, сабырдуулук.

Сүйүү фонтандай атырылып чыгып, анан чачырайт эмеспи. Ошонун ар бир чачырандысы биригип келип, кайра эле сууну, фонтанды түзөт. Сүйүү кайдан келди десе, сүйүү албетте Кудайдан келген. Сүйүүсүз жашоо кунарсыз, өмүрдү бекер жашап өткөндүк. Бул дүйнө сүйүүнүн үстүнө курулган деп айтылат. Бул жарыкта бардык нерсе бар. Биз экөөбүз сөз кылган от дагы бар.

"Кудайдын илими"

- Кээ бир ырларыңызда дин темасы козголуптур. Кудайдын жерди, сууну жаратканын, периштени жумшап, адамга жан салганын адегенде кара сөз менен жазып, аягында ыр кылып бүтүргөн турбайсызбы. Сиз муну эмне себептен жазып калдыңыз, ким, эмне түрткү болду дегендей?

- “Алгачкы поэма” деген ыр түрмөгүн айтып жатсаң керек. Аты айтып тургандай эле, Жердин жаралышы, адамдын бейиштен жерге кантип түшкөнүн жазгам. Бейиште өлүм жок эле. Адам андан куулуп, буту жерге тийгенден тарта кастык, өлүм, ачкөздүк башталды. Кудай анын баарын пендеге сыноо ирети берип, кыйынчылыктан тырмалаңдап жүрүп өт, азгырыкты жең, Адам болуп, башатыңа кайт дегенин жазайын дегем.

Биз дин десе эле, үйлөнгөндө нике кыйганды, башына селде оронгонду, мечиттерди элестетебиз. Бирок дин - бул Кудайдын илими. Аны баарыбыз эле түшүнө бербейбиз. Кудай адамды жаратып, дүйнөнү болтуруп жатпайбы.

Дин – бул өмүрдүн, өлүмдүн өзү. Биз адамзат, жети асман, жети жер деп жатпайбызбы, ошонун баары Кудайдын илими десек болот.

- Мен сиздин китебиңизди окуп жатып кыргыздын түпкү нукуралыгын, нукура жан дүйнөсүн да көрдүм. Бирде сопулардын жер кезип, адамдарды агартууга кылган аракетин көрдүм. Бирде Батыштын даанышмандарынын адамдын бул дүйнөгө жаралышынын максаты эмне деп түбөлүк суроого баш катырганын көрдүм. Ошол эле маалда аялдын аялуу дүйнөсүн да көрдүм.

- Ыр - Кудайдан берилген белек. Ыр түбөлүктүү, терең болушу үчүн, окурманга жетиши үчүн тереңдик керек. Ырыңда, мисалы, жакшы бол деп жазып жатасың, демек, өзүң да жакшы болушуң керек. Ошондо окурмандын жүрөгүнө жетет. Бул ааламдык мыйзам адамга алданбайт. Сен өзүң кандай болсоң, Кудай сага ошондой тагдыр берет. Ушул чындыкты түшүнгөнгө чейин көп убактымды короттум. Мен деле пендемин, жаңылдым, жаздым дегендей. Жаңылбай жашаса да болот экен көрсө. Балким, сонун нерселерди жаратат белем деп өкүнөм.

Ыр жазуу үчүн дагы окуп, өзүңдү өстүрүп турушуң керек, издениш керек. Руминин айтканы бар го "Кандай болсоң - ошондой сүйлө, кандай сүйлөсөң - ошондой бол" деген. Көп адамдар менен сүйлөшүү керек, жакшынын шарапаты, жамандын кесепети деп коёт эмеспи. Ыр жазыш үчүн көп нерсе керек.

- Балким, ошону түшүнүш үчүн жаңылуу керек болгондур?

- Кудайдын китеби, адамдын жазган китеби, турмуштун, табигаттын жазган китеби болот. Турмуштун жазган китеби - өзүң жаңылышсаң кийин жаңылбоону үйрөнөсүң, бирөө сага жаман мамиле кылса, бул туура эмес турбайбы, көңүлүн оорутат турбайбы деп сабак аласың дегендей. Убакыттын тардыгына байланыштуу адам жазган китептерди тандап окуйм. Турмуштун китебин болсо тандай албайсың, эртең менен турасың, турмуштун кемесине түшөсүң ээ? Кечке сүзөсүң, ошондо ар бир көз ирмем сайын өзүңдү түздөп отурушуң керек, укканыңды, көргөнүңдү, сүйлөгөнүңдү дагы.

Ташкын ырлар барактарда жашасын,

Ташка тийген кечээ тагдыр мазасын,

Талга, жанга өмүр бергенсиң сен гана

Сен кудайым, жандуу ырлар жазасың.

Менин ырым бирөө окуп-окубас,

Сенин ырың дүнүйөнү болтурду.

Менин ырым мен өчкөндө чыкпастыр,

Сенин ырың өлбөстүктү толтурду.

Токой, тоолор, аалам, асман көрөм да,

Көрөм дагы ойлорума чөгөм да.

Үтүрлөрүм – багымдагы чымчыктар,

Үлбүрөймүн көз жашымды төгөм да.

Мени жаздың башымды ий деп сүйгөнүм,

Бир сабакка толор-толбос сүйлөмүм,

Ошентсе да бүт бакчаңда даам сызып,

Ошентсе жарык жалын күйгөнмүн.

Ташта ырлар, барактарда жашасын,

Ташка чийгем кечээ тагдыр мазасын.

Талга, жанга өмүр берген сен гана,

Сен Кудайым, жандуу ырлар жазасың.

"Өзүңө каалаган жакшылыкты өзгөгө да каала"

- Китепте ырлардан мурда кара сөз түрүндө түшүндүрмө жазып, анан ыр кылып бериптирсиз. Бул идеяны кайдан алдыңыз? Сизге кимдир бирөө түрткү бердиби?

- Менден баары ушинтип сурайт. Ыр жазайын десем, толбой калгандай. Көкүрөгүмдө бир нерсе жетпей калгандай. Бул биринчи себеби, экинчи себеби - өзүңө каалаган жакшылыкты өзгөгө да каала дейт эмеспи. Ырас, эми ошол кара сөздү өзүм жакшы деп көкүрөгүмдө таанып жатам. Ошону башкалар да билип алсын деген кыязда, убакыттын аздыгына байланыштуу учкай гана, көкүрөктө кайнап жаткан нерсени терип-тепчип, гүлүн бүрүнөн учкай гана кошуп, окурмандын жүрөгүнө жукса экен деген жакшы ниетте жазам.

Бул көнүмүш балалык кезде башталган. Мен мугалимибиз Бектур Исаков агайдын таасири тийген деп дайыма айтып жүрөм. Агай бизге жазганды үйрөткөн. Кара сөз мындай болот, ыр ушундай болот деп түшүндүрүп берген. Мен экөөнү тең жазып келгем. Ошол күндөн ушул күн уланып эле келе жатат. Азыр муну таштагым да келбей калды, өзүмө жагып калды. Бул мен калем кармагандан башталган иш го.

- Сизди акын, жазуучу катары эмес биз бир кезде таланттуу журналист катары дагы таанычу элек. Эгемендиктин алгачкы жылдарында кыргыз тилдүү басылмаларынын карлыгачы болгон, сөз эркиндиги, адам укугу деген темаларды көтөрүп чыккан “Асабада” бир топ жыл иштеп калдыңыз. Жолдошуңуз Мамат Сабыров экөөңүз журналистикада жүргөн жылдар ушул китептеги ырларда чагылдырылдыбы? Ошол дөңгөлөктөй чимирилген, бирөөлөр үчүн оор жылдар болгон мезгил, кыйынчылыктар ырга айланды бекен?

- Албетте, жана биз айтпадыкпы, турмуш дагы китеп экен, мугалим экен деп. “Асабада” иштеп жүргөндө аябай чарчап иштечүмүн. Негизи мен бир иш кылсам, катуу берилип алам, баш-отум менен кирип кетем. Эртеден-кечке макала жазабыз, кечинде үйгө келгенде дагы эртең эмне жазам деп ойлоном, түнү уктап жатсаң да макала түшүңө кирип чыгат.

Мелис (Эшимканов-ред.) ыраматылык кайсы бир деңгээлде менин устатым да болду жазганды үйрөтүп. Бир топ журналисттерди марафонго, жарышка салып койду. Кээде журналисттик иш акындын, жазуучунун убактысын уурдайт деп ойлочумун. Андай эмес экен. Жакшы-жаман менен сүйлөшөсүң, жазасың күндөп-түндөп, ошол көкүрөктө жашап калып, сенин кийинки жаза турган ырыңа пайдубал, үрөн болуп берет экен. Балким, ырдын терезеси, миңдеген, миллиондогон эшик-терезелери бар, ошонун көп терезелери “Асабада” иштеп жүргөндө ачылды деп айта алам.

 

- Аял акындар кыз кездин өзүнүн ырлары болот, эне болгондо өзүнчө ырлар жаралат дешет, сиз азыр небере да көрүп калдыңыз. Чыгармачылыкка жаш курактын таасири болобу?

- Тээ кичинемде "Карек" деген ыр жазгам. Таптакыр башкача, кичинекей, уйкаштыгы деле аз, бирок ичине көп нерсени камтыган ыр болуптур. Ошол ырды мектептен келип жазганым эсимде. Ал кезде поэзиядан, ырдан такыр эле түшүнүгүм жок эле. "Мекеним да каректей, сактайлы" дептирмин, демек, ошол курагымда Мекенди сүйүүнү ошондой кабыл алган экем.

Балалык кездин өзүнүн ыры болот экен. Ыр өсүп, өзүнүн өмүрүн жашайт экен. Мисалы, азыр ошол балалык кезимдегидей дүйнөнү кабыл ала албайм. Айталы, тоодон күн чыгып келатканын көрсөм, азыр башка көз менен жазам. Ал кездин бир өзүнүн сулуулугу менен жазылып калды.

Ар бир мезгил сулуу болот экен, жаштык кезим, келин кез дегендей. Чоң эне болуу да бир өзүнчө бакыт экен. Кудайдын ушул күндөргө жеткизгенине шүгүр. Жүрөк дүйнөнү балалык, кийин жаштык кезде кандай кабыл алса, азыр деле ошондой эле кабыл алат. Балким, мурда чыгып келаткан күндүн миң нурун көрө алсам, азыр он миңдеген нурун көрүп калдым дегендей. Бир аз өсүү болду, жашоого бир аз башка өңүттөн карап калдым. Бирок, ырларым дагы эле ошондой го.

- Байкасам, казак акындарынын ырларын көп которуптурсуз, буга казак-кыргыз бир тууган деген түшүнүк, окшош жашоо-шартыбыз, бир аймакта турганыбыз таасир эттиби?

- Өзбек, орус акындарынын ырларын баарын эле бирдей котором. Бул китепти басмага берерде бул котормолор даяр эле. Мен компьютерде иштеп жатып беш-алты файлды бир ачып алам, бирөөнү баштап келатып эле көкүрөгүмдө биринин аркасынан бири чыгып, экинчи баракчаны ачам. Кириш сөз деп жатпайсыңбы, ал чыгып калат. Ушинтип шашып, беш-алты теманы бир жазам. Кээде башка жакка кирип кетет компьютерим, жолдошум бир текстти жаз дейт. Көп эле ырлар кирбей калды китепке. Буюрса, Кудайым өмүр берсе, кийинки ыр жыйнагымды чыгарайын деп жатам.

Обондуу ырлар

- Бир топ ырларыңызга обон чыгарылып ырдап калганын угуп калабыз. Эстрадада ырдала турган ырлар башкача ыргак менен жазылат эмеспи. Баары эле философиялык мааниси бар ырларды түшүнө бербейт, көпчүлүк үчүн бир аз башкача жазыш керек деген түшүнүк бар. Сизге ушундай талапка жараша жазып берип жатканда оорчулук жаратпайбы?

- Жок, мен гезитке иштеп макала жазарда же бирөөдөн маек алып ошону кагазга түшүрөрдө батыраак эле бүтсөм экен деп кыйналам. Ыр маселесине келгенде сүйүнүп жазам. Кандай ыр болсо дагы, таң атканча уктабай эртең менен бүтүрүп берчи десе дагы кубаныч менен, сүйүү менен жазам.

Динара Бейшеналиеванын 18 жашында жазган ыры

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Собянин рассказал о главных возможностях для развития Москвы

Интерактив в помощь. «Учитель года Москвы» Морозова — об инновациях

Воробьев: в Подмосковье инвесторы строят предприятия в среднем за 12-18 месяцев

Генерал Ивашов: Нет ничего удивительного, что сегодня мусульмане вместе с православными в одном окопе

Музыкальные новости

Новости и Культура, Дети и Россия: кукольный Театр Ульгэр выступил в Улан-Улан-Удэ в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник

Спортсмены из Тувы стали бронзовыми призёрами Чемпионата Сибирского округа Росгвардии по лёгкой атлетике

Путин назвал приезд президента Зимбабве знаком интереса Африки к России

Почта России помогла детям-подопечным благотворительных фондов встретиться с футболистами ЦСКА

Новости России

Самая дешёвая нефть в мире, или Чем России интересен Южный Судан, который не видит альтернатив сотрудничеству с РФ

Московские Айболиты. В столице выбирают лучшего ветврача

Воробьев: выручка «Вкусно — и точка» в Подмосковье оказалась выше, чем у McDonald’s

Генерал Ивашов: Нет ничего удивительного, что сегодня мусульмане вместе с православными в одном окопе

Экология в России и мире

Скидки на звуковые щетки и зубную пасту для детей от компании "Ревилайн" до 6 июня 2024 года

CЛД «Печора» филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис» получило сертификацию для технического обслуживания локомотивов серии 2ТЭ25КМ в объёме ТО-2.

Фонд «Восход» выпустил на «Атомайз» первые в России венчурные ЦФА

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Спорт в России и мире

Андреева рассказала о своих планах на предстоящий матч с Соболенко во Франции

«Он никогда не снимается с турниров». Циципас прокомментировал травму Джоковича

Зверев вышел в финал «Ролан Гаррос»

Экс-теннисист Ольховский: Рублев не успел набрать форму на "Ролан Гаррос"

Moscow.media

Сотрудники военных следственных органов Следственного комитета России по всей стране оказывают помощь подшефным детским учреждениям

Гора Бабырган

Создан новый метод предсказания деменции с точностью до 80%

В Орловской области 13-летний мотоциклист сбил женщину







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *