Тайландда аскердик кеме чөгүп, 31 моряк дайынсыз жоголду
Тайланддын падышалык деңиз күчтөрүнүн "Сукхотай" корвети Тайланд булуңундагы бороон учурунда чөгүп кетти. Кемеде 106 аскер кызматкери болгон. 75 адам куткарылды, 31инин дайыны чыкпай жатат. Куткаруу иштерине чоң толкундар тоскоол болуп жатканын Bangkok Post дүйшөмбүдө билдирди.
Куткарылгандардын биринин айтымында, ал чөгүп кетпөөгө аракет кылып, үч саат деңизде сүзүп жүргөн.
Кеме зарыл учурда балык уулоочу кайыктарга жардамга келүү максатында жээктен 32 чакырым алыста болчу. 18-декабрда аба ырайы бузулганда толкундардан улам кемени суу каптап, электр системасын иштен чыгарган.
"Сукхотайды" куткаруу үч фрегат жана көчмө насостору бар эки вертолет жөнөтүлгөн. Катуу шамалдан улам сууну сордурууга мүмкүн болгон эмес жана кеме чөгүп кеткен.