Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бийлик кыргыз-тажик чек арасын майга чейин тактоону көздөйт

Бийлик кыргыз-тажик чек арасын майга чейин тактоону көздөйт

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы жумушчу сапарында быйыл сентябрдагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган Ак-Сай, Капчыгай, Миң-Өрүк, Достук жана башка айылдарында үйлөрдү калыбына келтирүү иштерин көрдү.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар коопсуздук жана чек ара маселесин тез арада чечүү, пайызсыз насыя алуу сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрдү. Жапаров чек араны келерки жылы май айына чейин тактоо ниетин айтканын жолугушууларда президентти коштоп жүргөн жергиликтүү жетекчилер билдиришти.

Президенттин сапарын чагылдырууга журналисттер тартылган жок. Өзүнүн басма сөз кызматынын өкүлдөрү гана коштоп жүрүп, сапар учурунда ал айткан сөздөрдүн видеосун таратпады, текст түрүндө берүү менен чектелди. Андагы козголгон маселелерди жергиликтүү жетекчилерден, жашоочулардан билүүгө аракет кылдык. 

24-25-декабрдагы иш сапарында Садыр Жапаров туура үч ай мурдагы чек ара жаңжалында жабыркаган Ак-Сай жана Капчыгай, Миң-Өрүк, Достук айылдарында үйлөрдү калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, эки чек ара тозотунун абалы менен таанышты. Каргашалуу окуяда уулунан ажыраган жергиликтүү тургундун жаңы курулган үйүнө кирип, маркумдун жакындарына көңүл айтып, куран окуду. Ак-Сай айылындагы талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштерин көрдү. Курулушу аяктап калган үйлөрдүн ээлери менен сүйлөштү.

Жапаров барган айылдардын жашоочулары чек арага байланыштуу бир катар көйгөйлүү маселерди да көтөрүшкөн.

Октябрь айында курулушу башталып, пайдаланууга берилген үйдүн кожойкеси, беш баланын энеси Зубайда Эрдавлатова жаңы конушу бардык шарты менен курлуганын айтып берди:

"Кудайга шүгүр эми... Азыр толук бүттү деп айта албайм, анча-мынча майда иштери калды. Аны куруучулар тез арада бүтүрүп беребиз дешти. Коноктор бөлмөсү, балдар бөлмөсү, уктоочу бөлмө, тазалык бөлмөсү, иши кылса бардык шарттары эске алыныптыр. Жаңы курулганы үчүн жылытыш бир аз кыйын болуп жатат, от жагып жатабыз. Ушунчасына рахмат. Мурдагы үйүбүз да чоң болчу. Аны да зарыл шарттарын баарын камсыздап, жуунган бөлмөлөрдү камсыздаган элек. Ал талкаланып кетти. Ушул курулган үйдө тынч жашасак, коопсуздук камсыздалса, чек аралар чечилсе эле болду. Калганын дагы өзүбүз камсыздап алабыз".

Аксайлык дагы бир тургун Таалай Назаралиев жаңы үйү курулуп, пайдаланууга берилгенине жетине албай турат.

"Колдонууга уруксат берип, жашай бергиле дешти. Мурдагы тапкан-туткан мүлкүбүз баары жок болгон да. Эми аларды камсыздаш үчүн дагы 100 миң сомдон беребиз дешти. Жаңы үйүбүз жакшы экен. Бардык шарттары каралыптыр. Кемчиликтер болсо дагы толуктайбыз дешти. Президент өзү келип үйдү көрдү, сурады. Кемчилиги болсо айткыла деди. Баары жакшы экенин айттык".

Президент элдин турмушун жакшыртуу үчүн зарыл болгон шарттардын бардыгы этап менен ишке аша турганын белгилеген.

Жергиликтүүлөр чек ара, коопсуздуктан тышкары сугат, таза суу, пайызсыз насыя менен камсыздоо жана социалдык обьектилерди курууну тездетүүгө бийликти чакырышты. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдиргендей, айтылган көйгөйлөр боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Анда Жапаров кыргыз-тажик чек арасын май айына чейин тактоо ниетин да жарыялаган:

«Президент элдин көтөргөн маселелери боюнча аткаруу бийлигине тиешелүү тапшырмаларды берди. Калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Жол, суу боюнча каражаттар чечилген. Курулуп жатат. Алдыда бардык айтылган маселелер боюнча иш жүрөт. Иш-мерчемдер бекитилген. Ал эми коопсуздук, чек араны тактоо боюнча айтылгандарга да президентибиз жооп берип, түшүндүрдү. Президент Кыргызстан тарап келерки жылдын май айына чейин чек араны тактоо ниети бар экенин айтты. Бирок бул маселе эки тараптуу болгондуктан, кошуна өлкөнүн да аракетине байланыштуу экенин билдирди", - деди Жоробаев.

Президент Баткендеги "Достук" жана "Капчыгай" чек ара тозотторунда да болду. Аны УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев коштоп жүрдү.

2021-жылы апрелдеги чек арадагы кагылышта "Достук" чек ара тозотунун имараты талкаланып кайра оңдолгон. Быйыл сентябрдагы кагылышууда талкаланып, өрттөлүп кеткен тозот кайра курулган.

Ал тапта президенттин иш сапары тууралуу маалымат элге толук жетпей, үй-жайынан ажыраган жарандардын арыз-даттануулары толук айтылбай калды деген пикирин "Интербилим" эл аралык борборунун Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн директору Гүлгаакы Мамасалиева билдирип чыкты:

"Бизде чек ара чырында жабыркагандар үчүн атайын тайпа бар. Анда 400дөй катталуучу отурат. Ал жерде бир топ көйгөйлөр айтылып турат. Курулуштун ыргагы, кемчиликтери, кенемте, укуктары сыяктуу көйгөйлөр айтылат. Өлкө башчысынын бул жакка иш сапары тууралуу алдын ала ачык айтылбады. Эл менен ачык жолугушуп көйгөйлөрдү, маселелерди жеткиребиз дегенде, алдын ала айтылып, "жолугушууну каалагандар, бул жерге келгиле" десе болмок. Бизде да маалымат жок болду. Кээ бир үйлөр коопсуз жерге жылдырылды. Кандай критерий менен каралды, жабыркагандарга кенемте төлөө, алардын тизмесин тактоо, тонолгондорго кандай жардам берилет деген суроолорго жоопту эл президенттин өзүнөн укса жакшы болмок. Анткени канчадан бери күтүп жаткан болчу".

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тарткан. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз болгон. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. сомдон ашык каржат бөлүп, октябрда иш башталган. Бирок мал-мүлкүнөн кол жууган жайкын тургундар үчүн качан жана канча сомдон кенемте төлөнөрү айтыла элек болчу.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып окко учкан 80ден ашуун адамдын тизмесин чыгарган. Эки тарапта тең каза тапкандардын арасында балдар бар.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Подмосковные профессионалы по прыжкам в воду выступят на чемпионате России

В Подмосковье завели дело по факту гибели четырёх девочек-подростков в ДТП

«Политика» и Санкт-Петербург сыграют в финале турнира по хоккею на ПМЭФ

Политика: Выборы в Европарламент пошатнут позиции либералов

Музыкальные новости

Евгений Миронов, Ирина Пегова, Кристина Асмус, Илья Авербух, Елизавета Арзамасова и другие звезды не фестивале «НЕБО»

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков

Два рейса из Петербурга перенаправили из Шереметьево в Домодедово на фоне грозы

Почта России помогла детям-подопечным благотворительных фондов встретиться с футболистами ЦСКА

Новости России

Москва и Банк России займутся развитием платформы цифрового рубля — Собянин

Больше летать вблизи Крыма не получится. Россия дала отмашку на "заземление" американских разведчиков-беспилотников.

Политика: Выборы в Европарламент пошатнут позиции либералов

Подстанцию скорой помощи построят в Ленинском округе

Экология в России и мире

Это вовсе не только Питер: названы 15 городов России, куда можно поехать на белые ночи

Студия Звукозаписи в Москве. Создание Песен, Музыки, Аранжировок.

Слушатель из Смоленска выиграл на «Авторадио» «Москвич 3»

Россияне решили этим летом меньше отдыхать на курортах

Спорт в России и мире

Мирра Андреева впервые вышла в четвертьфинал турнира Большого шлема

Российский теннисист Медведев снялся с турнира в Хертогенбосе

Осталась в одиночестве: Андреева победила Грачёву и вышла в четвертьфинал «Ролан Гаррос», Медведева остановил де Минор

Янник Синнер высказался о первом месте в рейтинге ATP и травме Новака Джоковича

Moscow.media

В этом году по БКД обновят 3,3 тыс. км дорог региональной опорной сети – Марат Хуснуллин

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки

На орловской трассе столкнулись микроавтобус «УАЗ» и тягач «Scania», груженный дисками вагонных колес

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *