Кадамжай: түтүнгө ууланып мерт болгон алты адамдын өлүмү иликтенип жатат
Баткен облусуна караштуу Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү алты адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү түтүнгө ууланып мерт болгон окуяны иликтеп жатат. Милиция тараткан маалыматта кырсык 30-декабрга караган түнү катталганы, окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып келгени айтылат.
"Болжол менен окуя 2022-жылдын 29-декабрынан 30-декабрына караган түнү Кадамжайдагы Алга айыл аймагынын Алга айылында болгон. Бул айылдын 1986-жылы туулган тургуну Н.Р. өзүнүн жаңы салынган үйүндө, үй-бүлө мүчөлөрү: аялы 1986-жылы туулган К.Ж., кызы 2014-жылы туулган Ж.А, уулу 2016-жылы туулган Н.И., уулу 2020-жылы туулган Н.А. жана кайын агасынын уулу 2012-жылы туулган Ж.Т. болуп уктап жаткан учурда болгон. Үйдү жылытуу үчүн сайылган эки электр жылыткычтын айынан электр зымдары ээрип күйүп, үйдүн ичиндеги диван жана жерге төшөлгөн паластар өрттөнүп, үйдүн ичи түтүнгө толуп, алардын ууланып каза болгону аныкталган. Бул окуяга байланыштуу соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды",-деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда өрт, үйдү жылытуу коопсуздугун сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип жаткан.
Буга чейин Кыргызстанда иске, түтүнгө ууланып каза болгон окуялар катталган.