Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Окурман агартуучу китептерге муктаж"

Соңку жылдары Кыргызстанда котормочулук иши жанданууда. Алардын арасында илимий жана агартуучу китептерди которуп жүргөндөр да бар.

“Кылычсыз самурай”, “Балдардын тарткан сүрөттөрү эмнени түшүндүрөт?”, “Сингапур билим берүү системасы”, “Грузия кантип реформа жасай алды” ж.б. китептерди кыргызчалаган “Бугу-пресс” борборунун жетекчиси Жаныбек Абидетегин менен котормочулук иши жана анын түйшүктөрү тууралуу маекти сунуштайбыз.

- Жаныбек мырза, котормочулук ишти колго алганыңызга канча болду? Бул ишти эмне максатта баштадыңыз эле?

- Мен өзүм филологмун, Улуттук университеттин кыргыз тил жана адабияты факультетинде окугам. Тил жаатын кайсы бир деңгээлде жакшы эле билем. Окууну бүткөндөн кийин, 2017-жылы жаштардан турган топ “Бугу-пресс” агенттигин негиздегенбиз. Ошол кезде элге кыргызча ой жүгүртүүнү үйрөтөлү жана адамзат баалуулуктарын тааныталы деген максатты көздөгөн элек. Ал мүдөөнү ишке ашырууда китеп чоң роль ойногондуктан, командабыз менен ушул жаатка көңүл бурдук. Ошентип 2017-жылы “Грузия кантип реформа жасай алды?” деген китепти которгонбуз.

- Андан бери ишиңер жолго коюлуп калса керек. Азыр эми котормочуга кандай талаптарды коёсуңар? Дегеле азыркы котормочу ким?

- Биздин талап - эки тилди тең, айрыкча которулуп жаткан тилди жакшы билиш керек. Котормочуну жалдоодон мурда бир нече тексттерди берип сынап көрөбүз. Буга чейин которгон эмгектерин карайбыз. Ошого жараша баалап, андан ары ишти улантабыз. Акын, жазуучу же Жазуучулар союзунун мүчөсү болушуң керек дегендей талап койбойбуз. Совет доорунда котормо ишин негизинен Жазуучулар союзу менен иштешкендер, акын же адабиятчылар аркалаган да. Азыр андай чектөө жок. Котормочулук ансыз деле оор, майда иш. Андан чоң акча деле таппайсың. Ошондуктан бул бир чети ышкыбоздордун, китепти сүйгөндөрдүн, жашоомдун бир бөлүгү дегендердин гана иши десем болот.

- Котормодо автордук укук деген бар да. Ал жагын кандай чечип жүрөсүңөр?

- “Грузия кантип реформа жасады” деген китепти которуп жатканда бизге бул тууралуу эч ким айткан эмес эле. Китептин автору Лариса Буракова менен байланышып, өзүнөн эле уруксат алганбыз. Кийин басма үйлөр менен иштеше баштадык. Анткени Батышта автор китепти жазганды эле билет, автордук укукту, китепти чыгаруу ишин басма үйүнө өткөрүп берет. Биз ошол басмаканалардан китепти чыгаруу укугун белгилүү бир мөөнөткө сатып алабыз. Беш жылдан он жылга чейин келишим түзсө болот. Бирок түбөлүккө берилбейт. Ошол иштин баары бүткөндө гана котормочуга тапшырабыз.

- Жогоруда совет доору тууралуу айтып калбадыңызбы. Ошол кезде кыргызчаланган айрым китептердин кайра басылып чыгып жатканына кандай карайсыз?

- Ал кезде чет элдик адабияттар дээрлик орус тилинен которулган да. Совет өкмөтү империялык мамиле кылып кээ бир чыгармаларды автордон уруксат албай эле өзгөртүү киргизген учурлар кийин ачыкка чыкпадыбы.

Совет доорундагы котормочулук өнөрдүн бир артыкчылыгын белгилей кетсек болот - ал тилдин чеберчилиги. Көркөмдөп жазууга, текст менен иштөөгө аябай маани беришкен. Ал котормолор азыр сөз байлыгын өстүрөм деген жазмакерлер, тилди изилдеген адистер үчүн жакшы колдонмо болушу мүмкүн. Бирок жалпы масса үчүн биз чыгармаларды түп нускадан которууга өткөнүбүз оң.

Дүйнөдө өзүн сыйлаган эгемен өлкөлөр чыгарманы оригиналдан которушат. Бул бир чети авторго жана анын эмгегин сатып алган окурманга болгон сый-урматты да билдирет.

- Мисалы, 20-50 жыл аралыгында жашап өткөн жазуучунун, эмгегин которуу үчүн автордук укукту анын туугандарынан же басма үйүнөн алыш керек экен. Мындан 300-400 жыл мурда жазылган эмгектерчи? Алар үчүн уруксатты ким берет, ошол жазуучу жашап өткөн мамлекетпи?

- Жазуучулук өнөр бир чети жаман экен да. Эмнеге дебейсизби? Мисалы, сиз куртка тиккен фабрика ачсаңыз, кийин аны балаңызга калтырасыз. Жапонияда же Европада атадан балага өткөн компаниялар көп. Бирок сонун чыгарма жазсаңыз балаңыз ага 70 жыл гана ээлик кылат. Андан кийин чыгарма маданий мурас болуп саналат. Демек, аны каалаган адам басып чыгарса болот. Албетте, китепке автордун атын жазат, чыгарманын маани-маңызы бурмалабайт деген талаптарды сактайт.

- Силер азыр которуп жаткан китептердин окурманы кимдер?

- Басымдуусу жаштар десек болот. Бирок билимде чек жок да. “Мен көптү билем, жаштар жазганды окубайм” дебеш керек. Ошондой көз караш өкүм сүргөндүн айынан бизде улуу муун менен кичүү муундун ортосунда көпүрө курулбай калып жатпайбы. Менимче, адам бийиктеген сайын дагы көбүрөөк окуш керек. Кандай гана ийгиликти багынтпайлы, күн сайын китеп окуп, өзүбүздү жаңылабасак, чоң максатка жетпейбиз.

- Бизде бирок улуу болсун, кичүү болсун баары ийгилик багынткысы, лидер болгусу келет тура. Дегеним, силер которгон Китами Масаонун "Кылычсыз самурай" китеби өз окурмандарын бат эле таап кетти окшойт.

- Мындан бир канча жыл мурда Коомдук каналдагы "Балдардын сынагына сынбайсыңбы?" деген берүүдө саясатчы Өмүрбек Бабанов ушул китепти окуп жатканын айткан эле. Көрсө ошол кезде бул чыгарманы орус тилинде тарап аткан экен. Кийин биз которууга урусат алып, кыргызча чыгардык. Китебибиз элге жагып, тез эле өтүп кетти. Сунуш болуп аткандан кийин дагы бир жолу басып чыгардык. Эң өкүнүчтүүсү жаман кишилер бар экен. Биздин китепти дал өзүндөй кылып көчүрүп алып, көчөдө сатышты. Барсак, "Китебиңди эл окусунбу? Биз сатып жатабыз, эмне болуптур?" деп кеп-сөзгө келишпейт. Укук органдарына кайрылып жатып араң токтоттук. Биз эле ушул китептен 10 миң нускадан ашык сатканбыз. Ал жаман кишилер канчаны сатты, канча пайда тапты мен билбейм.

- Бул жанагы эле автордук укук маселеси элге жакшы жете электигинен улам болуп атса керек?

- Эң өкүнүчтүүсү, автордук укукту сактоо деген түшүнүк биздин бардык тармакта жок экен. Мен кээ бир чет элдик басма үйлөрү менен сүйлөшүп калам. Алар деле өздөрү чыгарган китептер бизде ушундай жол менен сатылып жатканын билет экен. Бирок алар миллиондогон нуска менен иштегендиктен биздин өлкөгө келип, таламын талашпайт, ага убактысы да жок. Ошондуктан, тилекке каршы, биз үчүнчү өлкөлөрдүн катарында калып жатабыз. Канчалык абабыз таза, адебибиз күчтүү болуп, Борбор Азияда “демократия аралчасыбыз” деп төш какканыбыз менен, автордук укук сакталбаса, бардык жактан обочодо кала беребиз. Кайсы гана тармак болбосун, автордук укук сакталмайынча өнүгүү болбойт. Баарын бекер алам деген адат менен бир нерсеге жетүү мүмкүн эмес.

- Бизде авторлордун көбү китеп чыгарарда сөзсүз демөөрчү издейт эмеспи. Балким Батыштагыдай басма үйлөрү менен кызматташкан маданият кирсе, авторго дагы, силерге дагы жеңил болот беле?

- Башта айткандай автордук укук деген түшүнүк коомубузга жайылса, бул жаатта да жылыш болмок деп ойлойм. Бизде Чыңгыз Айтматовдуку гана ушул жагынан жолго коюлган. Кайсы бир чыгармасын ала турган болсоң юристтери менен сүйлөшүп, маселени бат эле чечип аласың. Башка акын-жазуучулардыкы бул жагынан кыйынчылык жаратат.

Бизде илгери продюсер деген пайда болгондо улуу муундагы ырчылар кабыл албай койгон да. Бирок продюсер ырчынын түйшүгүн бир топ жеңилдетип, ишин алдыга жылдырып жатпайбы. Акын-жазуучулар да басма үйлөрү менен кызматташса, убаракерчиликтен арылмак деп ойлойм.

- Баса, эмнеге агартуучу жана шык берүүчү китептерди көбүрөөк которуп жатасыңар?

- Окурмандын табитине жараша иштейбиз. Азыркы учурда алар агартуучу китептерге муктаж. Дем-күч, багыт бере турган, башка өлкөлөрдүн ийгилигин көрсөтүп, биз дагы ошентсек болорун түшүндүрүүчү китептер зарыл.

Экинчиден, тил илимдин же бизнестин тилине айланмайынча өнүкпөйт. Азыр биз көрнөк-жарнак чыгарып, башка улуттагыларды кыргызча сүйлөтүп коюп эле жыргап жатпайбызбы. Кыргыз тили тойдун, шаан-шөкөттүн тилинен көтөрүлө албай жаткандай туюлат, эне тилде радиобуз, телебиз бар, ошого каниет кылып эле чектелгендейбиз. Ошондуктан ишибиз менен коңгуроо кагып, келгиле, илимий, агартуучу да адабияттарды да которолу, балким аны окуган балдар кийин жакшы инженер же экономиканы өнүктүрө турган кесиптин ээси болуп чыгат дегибиз келет.

Агартуучу китептерди окугандан кийин адам көркөм адабиятты окуганга да даяр болот, түшүнө баштайт. Андыктан окурмандарыбыз үчүн адабий китептерди которуу планыбызда бар. Өткөн жылы америкалык жазуучу Рэй Брэдберинин “451 градус фаренгейт” аттуу көркөм чыгармасын кыргызчага котордук.

- Китеп окулбай калган доор жазылган чыгарманы кыргыз коомчулугу китепти көп окубай калган учурда которгонуңар кызык экен. “451 градус фаренгейт” антиутопиялык, татаал чыгарма эмеспи. Аны которууга эмне түрткү болду?

- Коомдо азыр кайсы бир деңгээлде китептерди жакшы-жаман деп ажырата билген окурмандардын катмары пайда болуп калды. Алардын адабий клубдары бар. Кээде бизди чакырып, ошол китепти талкуулап калышат. Аны мурда окугандар сатып алышты. Албетте, "Кылычсыз самурайдай" көп сатылган жок.

Кыргыз тилинде чыккан дүйнөлүк адабияттар аз болгондугуна байланыштуу эр-азаматтарыбыз өзүбүздүн баалуулуктар менен чектелип калган. Ошондуктан дүйнөдөгү орчундуу идеяларды, Рэй Брэдберинин сөздөрү менен жеткиргибиз келди. Дүйнөдө башка элдер да биздей ойлонобу же биздин түшүбүзгө кире элек нерселерди билеби деп салыштырып көргөнгө жакшы.

Бул чыгармада Брэдбери китеп окубасак, бийик, маанилүү нерселерди ойлобосок, кыялданбасак, теле-дубалдарды тиктеп эле жата берсек, уй сыяктуу жем жеп, тукум улап, малдан айырмабыз жок болот деген ойду айтып жатпайбы. Кайсы бир деңгээлде азыркы биздин телефонго байланып калган жашообузга окшош.

- Эгер сыр болбосо, азыр кайсы эмгекти которуп жатасыздар? Окурмандарга кандай белегиңер бар?

- “Кантип санарип кантип ата-эне болуу керек”, “Окурмандарды тарбиялоо” деген китептерди которуп бүттүк, жакында чыгарабыз. “Эмне үчүн бир өлкөлөр бай, бир өлкөлөр кедей?” деген китепти да которуп бүтүп калдык, жакында аны да чыгарабыз.

- “Эмне үчүн бир өлкөлөр бай, бир өлкөлөр кедей?” деген эмгекти президент Садыр Жапаров кызматына жаңы киришкенде окуп жатканын айткандай болду эле...

- Кыргызчасы чыкса, аны да берип көрөлү. Эне тилинде окуп көрсө, балким өлкөнү өнүктүрүүдө дагы көбүрөөк жардамы тиет. Ал киши дагы бул китеп боюнча пикирин айтса керек деп ойлойбуз.

Маектин аудиосун бул жерден уга аласыз:

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Москвичам рассказали, когда в столицу вернется тепло

ЦБ обжаловал решение суда об изъятии акций у миноритариев СМЗ

Антонов: США не смогут поставить на колени компании РФ запретом на импорт урана

Чем известен генерал-лейтенант Кузнецов из Минобороны РФ и за что его задержали?

Музыкальные новости

«Динамо» — русский «Байер»! Москвичи забили в Калининграде на 93-й и 99-й минутах и открыли себе дорогу к чемпионству

В медорганизациях Москвы работают около 50 тыс. медсестер и медбратьев — Собянин

Оксана Федорова представила на выставке-форуме «Россия» премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова»

OpenAI готовит конкурента поисковику Google, но на базе ИИ

Новости России

Пьяный водитель автобуса пытался дать взятку ГИБДД в Бурятии

"Цена улетит в небо": эксперт призывает россиян заранее купить это

Выставка археологических открытий Подмосковья началась в Дмитрове

Генконструктор допустил запуск «Старта-1М» с Восточного

Экология в России и мире

10 полезных продуктов для сердца

Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова

Оксана Федорова представила на выставке-форуме «Россия» премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова»

Мануальные зубные щетки Revyline Perfect и зубная паста Organic Detox для профилактики кариеса в Тольятти

Спорт в России и мире

Первая ракета мира Джокович получил бутылкой по голове после матча в Риме

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме

Тарпищев: нельзя Медведева назвать главным претендентом на золото Олимпиады

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме

Moscow.media

«Байкал Сервис» открыл новый терминал на юго-востоке Москвы

При силовой поддержке столичного спецназа Росгвардии задержан домушник, маскировавшийся под курьера службы доставки

В Подмосковье росгвардейцы почтили память Героев Великой Отечественной войны и возложили цветы к мемориальным комплексам региона.

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *