"Ромео жана Жульеттада" ойногондор Paramount компаниясын сотко берди
1968-жылы тартылган "Ромео жана Жульетта" тасмасында башкы ролду ойногон Леонард Уайтинг менен Оливия Хасси Paramount компаниясын сексуалдык эксплуатацияга айыптап, 500 миллион доллардан ашуун доо коюшту.
70тен ашкан Уайтинг менен Хассинин айтымында, режиссёр Франко Зеффирелли аларга төшөк сахналары үчүн түссүз ич кийим берүүнү убада кылган. Бирок кийин жылаңач тартылууга мажбурлаганын, "антпесе тасма ийгиликсиз чыгып, алар андан ары эч жерде, айрыкча Голливудда иштей албай каларын" айтканын белгилешүүдө.
Тасма тартылган маалда Хасси 16, Уайтинг 17 жашта болгон. Экөөнүн менежери Тони Мариноцци алар жаш кезде режиссердун айтканын аткарганга мажбур болгонун билдирди.
Сотко жолдонгон арызда Хасси менен Уайтинг тасмага тартылгандан кийин моралдык кыйынчылыкка тушукканы жазылган. Аталган тасма эки "Оскар" жана үч "Алтын глобус" алганына карабай, экөөнүн тең карьерасы ийгиликтүү болгон эмес.
Көркөм фильмдин режиссеру Франко Зеффирелли 2019-жылы көз жумган.
Paramount компаниясы азырынча буга комментарий бере эллек.