Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Декларация: малы көп, үйү “жок” чиновниктер

Декларация: малы көп, үйү “жок” чиновниктер

Салык кызматы Кыргызстандагы саясий жана мамлекеттик кызматкерлердин 2021-жылдагы декларациясын жарыялады. Алдыда президент баштаган чиновниктердин бир жылда тапкан-ташыганы жана чыгашасы тууралуу сөз кылабыз.

Президент жана анын администрациясы

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 997 миң сом киреше тапкан жана айыл чарба багытындагы 0,6 гектар жер тилкеси көрсөтүлгөн. Жакындарынын аянты 17 чарчы метр гаражы бар. Мамлекет башчынын чыгашасы, турак жайы боюнча маалымат жок. Садыр Жапаров 2021-жылдын 28-январында президенттик кызматка киришкен.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылы туура 1 млн. сом киреше көргөн. Декларацияда 77,5 чарчы метр үйү жазылган. Өкмөт башчынын ишкерлик менен шугулданган үй-бүлөсүнүн киреше-чыгашасы тууралуу маалымат жарыяланган эмес.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев өзү бир жылда 896 миң сом иштесе жакындары 3 млн. 825 миң сом таап анын 1 млн. 246 миң сомун короткон. Өкмөт башчынын дагы бир орун басар Бакыт Төрөбаев кирешесине 773 миң сом жана 179, 180 чарчы метр болгон эки үйүн көрсөткөн.

Декларациядагы маалыматка караганда, өкмөт башчынын орун басарларынын эң эле байы – Эдил Байсалов. Ал 2021-жылы 4 млн. сом пайда тапкан. 125 чарчы метр үйү бар.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин канча байлыгы бар? Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн башкы чекистинин киреше-чыгашасын быйыл чыгарган жок. Былтыр да жарыялаган эмес. Мекеме муну мыйзамда улуттук коопсуздукка байланыштуу кызматта иштегендердин декларациясы ачыкталбай турганы менен түшүндүргөн. Бирок Камчыбек Ташиев муктаж үй-бүлөлөргө турак жай салып бергени, Жалал-Абадда айылдардын жолун оңдоткону тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып турат.

Мал-жандуу чоңдор

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 2021-жылы депутат болуп турганда 140 миң сом тапкан. Былтыр октябрда спикер болгон Шакиев мал-жандыкка бай. Анын 1 млн. 900 миң сомдук бодосу жана майда жандыгы бар. Кыргыз аткаминерлери жылкы баласына көп кызыгат. Нурланбек Шакиевдин да 1 млн. 200 миң сомго бааланган жылкылары бар. Декларацияда 354 чарчы метр үйү да көрсөтүлгөн.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 2021-жылы бул мекеменин катардагы судьясы болчу. Ал ошол кезде 2 млн. 814 миң сом иштеген. Айыл чарба багытындагы 1 гектар жерин, КИА РИО деген машинесин көрсөткөн.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2021-жылы 1 млн. 88 миң сом киреше менен чыккан. Бир автоунаасы, 70 миң сомдук эмереги бар. Жылкы баласына, таза кандуу аргымактарга кызыгарын айткан Зулушевдин 3 млн. 600 миң сомго бааланган жылкылары бар. Андан тышкары 250 миң сомдук бодо малы көрсөтүлгөн.

Бул бийлик бутактарынын жетекчилеринин декларациясы болду. Эми мындан башка да мамлекеттик жана мунициалдык кызматкерлердин байлыгына келсек.

Декларацияда көрсөтүлгөнү боюнча, бай мамлекеттик кызматкерлердин сап башында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков турат. Ал 2021-жылы 22 млн. 716 миң сом тапкан. Чыгашасы жана мүлкү тууралуу маалымат жок.

Кагазда жазылгандарга караганда, министрлер президент, өкмөт башчыларга салыштырмалуу көп акча табышкан.

Юстиция министри Аяз Баетов министрлердин байларынын алды. Ал 2021-жылы 5 млн. 756 миң сом тапкан. 60 чарчы метр квартирасы, “Тойота камри” үлгүсүндөгү машинеси бар.

Эки жыл мурда президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 4 млн. 480 миң сом чогулткан. Ошондой эле 70 чарчы метр үйү көрсөтүлгөн.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2 млн. 570 миң сом пайда көргөн. Анын 570 миң сомдук мал-жандыгы бар. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 3 млн. сом таап, анын баарын короткон. Автоунаага жакын окшойт декларацияда төрт машинесин көрсөткөн.

Жогорку Кеңештин депутаттарына да токтолсок. Сөз эркиндигине жана бейөкмөт уюмдарга кысым катары бааланган чуулгандуу демилгелери менен белгилүү депутат Надира Нарматова чыгаша-кирешесин көрсөткөн эмес.

Нарматованын 450 чарчы метр турак жайы, 780 квадрат метр административдик имараты жана 350 миң сомдук эмереги бар. Депутат айымдын 6 млн. 830 миң сомдук малы көрсөтүлгөн. 2 млн. 200 миң сомго бааланган алтын жана зер буюмдары кошулган.

Камчыбек Ташиевдин иниси, депутат Шаирбек Ташиевдин да каражаты боюнча маалымат жок. Бирок анын 3972 чарчы метр турак жайы бар. Бул бир футбол талаасынын жарымынан көбүрөөк аянт менен барабар.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, депутат Талант Мамытов 2021-жылы 816 миң сом таап, 2 млн. 400 миң чыгаша кылган. Анын 1 млн. 400 миң сомго бааланган бодо жана майда мал-жандыгы, андан тышкары 1 млн. сомдук жылкысы бар.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Акылбек Түмөнбаев 321 миң сом иштеген. Анын төрт түлүгүнүн баасы 1 млн. 525 миң сом. Аргымактары 650 миң сомго чыгат.

Депутат Искендер Матраимов 3 млн. 784 миң сом пайда көргөн. Депутаттын 8 млн. сомдук жылкылары бар. Анын жакындары бир жылда 9 млн. 600 миң сом тапкан.

Кыргызстандын мыйзамдарында мамлекеттик, саясий кызматтарды ээлегендер жыл сайын кирешеси, мал-мүлкү боюнча декларация тапшырат. Бирок буга чейинки декларациялык кампаниялардын жыйынтыгында өлкөдөгү эң бай делген аткаминерлердин айрымдары мүлкүн жашырып, кагаз жүзүндө кедей болуп чыкканы коомчулукта сын-пикир жараткан.

Көрүнүп тургандай чиновниктердин көпчүлүгүндө турак жай жана автоунаалар жазылган эмес. Бул алар итке минген кедей дегенди билдирбейт. Талдоочулар алар көп учурда байлыгын жубайларына, тууган-туушкандарына жаздырып коёрун айтышат.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

8 лет у руля: как Алексей Дюмин поменял Тульскую область

Более 3,1 тыс автомобилей эвакуировали с улиц Подмосковья за неделю

Сергей Собянин: Обеспечим ученикам комфортные условия

В России начнется сертификация туристических услуг по стандарту Muslim Friendly

Музыкальные новости

Звезды спорта. Кто они такие и почему их так называют?

Валюта вышла из моды // Снижение волатильности и санкции сдерживают спрос

Центральная Азия под лупой. Эксперты обсудят миграционные проблемы

Пензенская область вошла в число 10 регионов, где «Пятерочка» и Российский Красный Крест запустили пилотный проект «Уголки здоровья»

Новости России

Суд в Москве отправил в СИЗО фигуранта по делу о взятке кадровика МО РФ

Детские сады в Санкт-Петербурге станут бесплатными

8 лет у руля: как Алексей Дюмин поменял Тульскую область

Разгром «самураев» на Халхин-Голе заставил японских милитаристов уважать мощь нашей страны

Экология в России и мире

Дети из землячества Узбекистана в Улан-Удэ стали зрителями театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура

В День Пушкина театр кукол «Ульгэр» в райцентре Бурятии: Россия, Культура, Дети

Оксана Федорова представила на выставке-форуме «Россия» премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова»

С чем носить джинсовое платье этой весной: примеры образов

Спорт в России и мире

Виктория Азаренко пробилась в четвертьфинал турнира WTA в Риме

Медведев вышел в четвертый круг "Мастерса" в Риме

Новак Джокович с позором вылетел с турнира в Риме

Стало известно, при каком условии Медведев может опуститься на 5-е место рейтинга ATP

Moscow.media

Ко Всероссийской акции «Георгиевская ленточка» присоединились сотрудники вневедомственной Росгвардии по Московской области

Утро на озере...

"Помогу оформить детские пособия". Почему имя Мухаммад бьёт рекорды в ХМАО

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *