Өзбекстанда мурдагы башкы прокурор мөөнөтүнөн мурда камактан чыкты
Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашитжан Кадыров мөөнөтүнөн мурда камактан чыкты. Ал 29-декабрда Ташкент облусунун Занги-Ата райондук сотунун чечими менен шарттуу түрдө бошотулганын "Азаттыктын" өзбек кызматы соттогу булактарына таянып жазды. Кабар расмий тастыктала элек. “Эзгулик” адам укуктары коомунун төрагасы Абдурахман Ташанов Кадыровдун эркиндикке чыкканын бышыктады.
Кадыров жана анын 12 шериги 2018-жылы кармалган. Ал 2019-жылдын июнунда 10 жылга эркинен ажыратылган. Кадыровго "Опузалоо", "Пара алуу" жана "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери менен айып коюлган.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл жетектеген 69 жаштагы Рашитжан Кадыров 2015-жылдын апрелинде кызматтан алынган. Кадыров Өзбекстандагы эң бай адамдардын бири деген маалыматтар да бар.