Amazon 18 миңден ашуун кызматкерин кыскартат
Америкалык Amazon компаниясы 18 миңден ашык кызматкерин кыскартат. Бул - пландагыдан сегиз миңге көп жана компаниянын тарыхындагы эң чоң кыскартуу.
Мындай чечим экономикадагы туңгуюктун шартында жана акыркы эки жылда көп сандагы кызматкерлердин жумушка алынганына байланыштуу кабыл алынды.
Amazon компаниясынын башкы директору Энди Жесси билдиргендей, негизинен сатуучулар жана жалданган жумушчулар кыскартылат. Иштен бошотулгандарга акчалай кенемте берилет жана башка ишке орношууга жардам көрсөтүлөт.
Интернет соода кескин өскөн COVID-19 пандемиясынын шартында Amazon кызматкерлеринин санын көбөйткөн. 2022-жылдын сентябрына карата Amazon бир жарым миллион адамды жумуш менен камсыз кылган, алардын көбү компаниянын кампаларында иштеген.
2022-жылы компанияда акыркы жыйырма жылдагы эң жай өсүү байкалган. Сатып алуучулардын талаптары өзгөрүп, инфляциянын өсүшү анын сатууларга терс таасирин тийгизген жана компаниянын чыгымдары көбөйгөн. Өткөн жылдын үчүнчү чейрегинде таза киреше 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9% төмөндөгөн.
Бытыр ноябрда Meta компаниясы 11 000 кызматкерин, же жалпы жумушчу күчүнүн 13% кыскарта турганын жарыялаган. Твиттердин жаңы жетекчиси Илон Маск 7500 кызматкерлеринин жарымына жакынын жумуштан бошотту.