Январь окуялары: Бишкек Астананын билдирүүсүн төгүндөдү
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 5-январда Казакстандын башкы прокурору Берик Асыловдун Январь окуяларына кыргызстандык жарандар дагы катышканы тууралуу айткандарын четке какты. Мекеменин билдирүүсүндө бир дагы кыргызстандык былтыркы кандуу окуяларга аралашпаганы жазылган.
Ага чейин казак башкы прокурору мажилисте сүйлөгөн сөзүндө массалык баш аламандыкка шектелгендердин арасында "Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары да бар" деп айтып чыккан.
Берик Асылов чет өлкөлүктөрдүн так санын жана аты-жөнүн айткан жок.
Ушул эле күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү таратып, Берик Асыловдун кыргызстандык жарандар жөнүндө айтканын четке какты.
"Министрлик Казакстандагы былтыркы кейиштүү окуяларга кыргыз жарандарынын кандайдыр бир тиешеси бардыгын караманча четке кагат. Ошону менен катар эле Кыргызстандын эки жараны калайман башаламандык фактыларына байланыштуу козголгон кылмыш иштерин тергөөдө жоопко тартылып, шарттуу жаза чегерилген. Бул жарандар өздөрүнөн көз каранды болбогон жагдайда кайсы бир эпизоддорго кокусунан аралашып калган. Башка кыргыз жарандарынын күнөөсү жана жоопкерчилиги далилденген эмес. Кыргызстандын бир дагы жараны Казакстандагы бир дагы митингге, калайман башаламандыкка, талап-тоноочулукка аралашкан эмес", - деп жазылган билдирүүдө.
Казакстандын башкы прокурору 5-январда нааразылык акцияларында президент Касым-Жомарт Токаев "эскертүүсүз атууга" буйрук бергенге чейин эле күч органдары ок чыгарганын да айтты.
"Кол салгандарды атуу президенттин буйругуна (Токаевдин "январь айында эскертүүсүз атууга буйрук берген" деген билдирүүсү - ред.) чейин эле башталган. Бул жагдай мыйзамдын нормалары менен жөнгө салынган. Күч кызматкерлери биринчи окту 5-январда саат 16.00дө президенттин резиденциясына чабуул башталганда чыгарган".
Асылов ошондой эле күч кызматкерлери полициянын, акимчиликтин жана башка имараттарга чабуул жасалган маалда курал колдонгонун белгиледи:
"Башаламандык зордукчул мүнөзгө өтүп бараткан маалда, андан кийин шаарды куралдуу жоочулардан тазалоо учурунда колдонулган".
Башкы прокурор Январь окуяларына байланыштуу кыйноо беренеси менен 329 кылмыш иши козголгонун, полициянын, коопсуздук кызматынын 39 кызматкерине айып коюлганын да кабарлады.
Казак аткаминердин айтымында, Алматы облустук полициясында кыйноо көргөн 24 адамдын иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Ошондой эле Талды-Коргондо, Алматыда жана Семейде кыйноодо мерт болгон үч адамдын иши тергелип бүттү. Башкы прокурор күнөөлүүлөр жазасыз калбасын айтты.
Былтыр 7-январдагы кайрылуусунда президент Kасым-Жомарт Токаев Казакстанга “20 миң террорчу” кол салганын айткан. Аларды “чет өлкөдө кеңири даярдыктан өткөн эл аралык террордук банда” деп сыпаттаган.
Токаевдин террорчулар тууралуу билдирүүсүнөн улам бул өлкөгө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) 2 миңден ашуун жоокери 250 аскердик техникасы менен барган. Кыргызстан да анын алкагында Алматыга 150 жоокерин жөнөткөн.
Январь окуяларында ошол маалда Алматы шаарында жүргөн кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кармалып, сабалган жана бул фактыга байланыштуу Казакстанда да, Кыргызстанда да "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бишкекке келгенден кийин музыкант Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Анын адвокаты Бакыт Автандил экспертизаларда ал денесинен оор жаракат алганы аныкталганын, корутунду чыкканына байланыштуу тергөө кайра жанданарын "Азаттыкка" билдирген.
Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык кеминде 238ге жеткен. Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.
Ал кезде Кыргызстандын эки жараны да каза болгон. Айрым кыргызстандыктар камакка алынып, кээ бири кыйноого кабылып, ден соолугун жоготуп, бүгүнкү күнгө чейин калыбына келе албай убара. Коомдо резонанс жараткан Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковдун “кыйноо” боюнча кылмыш иштери тергелип бүтө элек. Алар коңшу өлкөдө ырайымсыз ур-токмокко алынып, кабырга-буту сынган, баш-мээси чайкалган оор абалда Кыргызстанга жеткирилген.