Наристенин өлүмүнө ким жооптуу?
5-январда Бишкектин Ленин райондук соту Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын жана Эне-баланы коргоо улуттук борборунун камактагы беш кызматкерин үй камагына чыгарды. Дарыгерлер 13-ноябрда ооруканага тушүп, чарчап калган үч жаштагы баланын ишине байланыштуу айыпталышууда.