Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бийликти сындаган активист кайра камалды

Бийликти сындаган активист кайра камалды

Жарандык активист Адилет Балтабай деген ат менен таанымал Адилет Али Мыктыбектин кайра камакка алынышы коомчулуктун талкуусуна түштү.

Активисттин адвокаты Такен Молдокулов шаардык соттун өкүмү прокуратуранын аппеляциялык арызынын негизинде кабыл алынганын билдирди.

Бир ай мурда сот залынан бошотулган Адилет Балтабай Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарга колдоо көрсөтүп, аларды бошотуу талабы жаңырган митингге да катышкан.

Кайра камоого негиз болгон арыз

Жарандык активист Адилет Балтабай эркиндикте бир айдай жүрдү. Ал былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотто 278-берененин ("Жапырт башаламандык") негизинде күнөөлүү деп табылып, бирок пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.

12-январда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, активист кайра камакка алынды. Ошол жерден Адилет Балтабай мындай деди:

"Мен бийликтин адилетсиздигине кабылдым, пробациянын шарттарын бузган жокмун. Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын тарапташтары нааразылык акциясына чыкты эле, байкоочу катары барсам, ал жактан да адилетсиз кармап кетти. Ушул жума күнү сот белгиленди эле, булар алдын алып, мени бүгүн сот залынан камоо чечимин чыгарышты".

Активисттин адвокаты Такен Молдокуловдун айтымында, райондук соттун пробациялык көзөмөл боюнча өкүмү 30 күндүн ичинде күчүнө кирмек.

Андан кийин гана Адилет Балтабай үч жылдык пробациялык көзөмөл жазасын өтөй баштамак. Бирок ага чейин прокуратура Балтабайга жеңил жаза колдонулуп калды деген негизде Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Эми аталган өкүмдү Жогорку сотко арызданганы турат.

“Шаардык сот Биринчи Май райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, 82-беренени туура эмес колдонгон деген негиз менен пробациялык көзөмөлдү алып салып, сот залынан камакка алышты. Негизи соттун чечими талкууга жатпайт. Бирок Адилет Балтабайдын иш-аракеттеринде кылмыштын курамы жок деп эсептейбиз. Эми Жогорку сотко кайрылабыз”, - деди адвокат Такен Молдокулов.

Адилет Балтабай 2022-жылы 30-июнда "Жапырт башаламандык" беренеси менен камакка алынган. Ал ошол өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстанда кумарканаларды ачууга каршы нааразылык акциясын өткөргөн. Балтабайдын камалышына Фейсбукка жазгандары себеп болуп, анын билдирүүлүлөрүндө "мыйзамдын талаптарына баш ийбөөгө чакыруу, калайман нааразылык акцияларына чыгууга үндөөнүн белгилери бар" деген лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыккан. Балтабай жана анын адвокаты социалдык тармактарда чакырык жасаганы тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

 

Адилет Балтабай ноябрь айында бошотулгандан кийин Кемпир-Абад боюнча камалгандардын сотуна, аларды бошотуу талабы жаңырган 10-январдагы митингге да катышкан. Анда Балтабайды кошкондо 27 киши кармалган.

"Балдарым атасын сурап атат"

Толгонай Солтонова буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган күйөөсү Айбек Бузурманкуловдун сотуна катышып келсе, 17-январда өзүнүн сотуна барганы турат. Ага "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" деген берене менен протокол түзүлгөн.

Солтонова 10-январда камактагылардын жакындары менен бирге ИИМ алдына акцияга чыккан. Алардын бир тобун милиция кармап, кайра кое берген.

"Биздин акция ИИМдин алдында башталган. Анан милиция "Горький паркына баргыла" деп айтышты. Чүй проспектиси менен баралы десек, алар Абдымомунов көчөсү менен өтүп кетсе болорун айтышты. Анан өкмөт үйүнө жакындап калганда кармап кетишти. Ошол жерде автобустар даяр турган экен. Мен митингге жыргаганымдан чыгып жаткан жокмун. Адилетсиз камакта жаткан күйөөм үчүн келгем. Үйдө беш балам бар. Алардын эң кенжеси күнүгө "атам каякта" деп сурап атат", - деди Толгонай Солтонова.

Кемпир-Абад иши боюнча 30дай адам камакта жатат. Алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалган. Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирсе, камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Бул боюнча президент Садыр Жапаров мындай көз карашын билдирген.

“Күч органдарынын ар биринин мыйзам алдында, мамлекет алдында өз милдеттери бар. Ички жана тышкы коопсуздукка жооп берет. Эгер милдеттерин так аткара албай, алдын албай, кечигип калышса, баары жооп беришет. Ошондуктан күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. "Төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт”.

Камакта отургандардын арасында саясатчы, укук коргоочу, жарандык активист жана блогерлер бар.

Алардын баары кыргыз-өзбек чек арасын тактоо учурундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин коңшу өлкөгө берилишин сындап чыгышкан.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Дома более 60 тыс жителей Подмосковья газифицируют по программе «Соцгазификация»

РБК: предсеансное обслуживание снова доступно в кинотеатрах Москвы и других городов

Глава Химок Дмитрий Волошин наградил работников НПО «Энергомаш»

Лучшие кардиологи Москвы ведут прием в Апатитско-Кировской ЦГБ

Музыкальные новости

Новая попытка азербайджанских вандалов исламизировать армянское культурное наследие в оккупированном Шуши

Таунхаусы в Подмосковье за год подорожали в среднем на 6% — до $258,9 тыс

Работники сервисного локомотивного депо (СЛД) «Чернышевск» филиала «Забайкальский» ООО «ЛокоТех-Сервис» заняли призовые места в соревнованиях Роспрофжел «Мы вместе»

Россия, Культура, Дети: конкурс на новую эмблему обьявил Театр Ульгэр в Республике Бурятия

Новости России

Онищенко заявил о пользе физических упражнений при подготовке к ЕГЭ

Компания «Симпреал» представила главные новинки продуктовой линейки

Священник провел духовную беседу с молодыми сотрудниками полиции

Генерал-полковник Кузовлев назначен командующим Московским военным округом

Экология в России и мире

Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова

Lamoda запустила бренд мужской одежды и обуви Mademan

Показ Academy Kaurtseva Fashion Day III 24

Делаем образ стильным при помощи одной яркой детали

Спорт в России и мире

Теннисист Медведев не смог выйти в четвертьфинал турнира серии «Мастерс» в Риме

Теннисист Медведев может потерять свое место в рейтинге ATP

Стало известно, при каком условии Медведев может опуститься на 5-е место рейтинга ATP

Кто транслирует бой Табило против Джоковича на турнире Rome Masters 1000?

Moscow.media

Из-за паводка на севере Омской области ограничено движение на участках трассы Тевриз – Александровка

Из-за дефектов на мосту через Волгу на трассе А-298 в Саратовской области ограничили скоростной режим

Краски севера V

Столичные росгвардейцы задержали мужчин, подозреваемых в хранении наркотиков







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *