Днепр: Чилдеде жүздөгөн киши башкалкасыз калды
Днепрде Орусиянын соккусунан кийин бир тарабы кыйраган көп кабаттуу үйдүн жашоочуларын куткаруу иштери уланууда. Ага 550дөн ашык киши тартылган. Соңку маалымат боюнча каза тапкандар 30дан ашты. Турак жайда 72 батир талкаланып, 230дан ашыгына зыян келтирилди. Бул үйдө жалпы 1700дөй киши жашаган.