Байге сайып окурман издеген китеп дүкөндөр
Эгемендик алган жылдардан бери китеп соодасы жакшы жүрбөй, окумал адамдардын саны азайып кеткени айтылып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстанда соңку жылдары китеп окутуу боюнча сынактар жарыялана баштады. Аны уюштурган басма үйлөрү жана китеп дүкөндөрү бул аргасыз кадам экенин айтышууда. Адатта мындай сынактарга жаштар катышат. Уюштуруучулар калкты китеп окутууга үйрөтмөйүнчө коомдо илимий жана экономикалык прогресс болушу кыйын экенин белгилешет.