Казакстан чет элдиктер үчүн өлкөдө визасыз жүрүү мөөнөтүн кыскартты
Казакстан чет элдиктер үчүн өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырды. Өкмөттүн жаңы токтому менен визасыз жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди.
Визаны талап кылбаган тартипте келген чет элдиктер Казакстандын аймагында чек арадан өткөндөн баштап 30 күнгө чейин гана жүрө алат. Буга чейин мөөнөт 90 күн болгон.
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандары, анын ичинде орусиялыктар Казакстандын аймагында 90 күн жүрө алат.
Өлкөдө жүрүү убактысын узартуу үчүн мурдагыдай чек арадан чыгып, кайра кирүүгө уруксат берилбейт. Жаңы эреже 26-январдан баштап күчүнө кирет.
Орусияда былтыр күздө мобилизация жарыялангандан бери аскер жашындагы жарандардын көбү Казакстанга өткөн. ФСБнын чек ара кызматынын маалыматына караганда, былтыр үчүнчү кварталда 1,3 миллион орусиялык Казакстанга кеткен.