"Репрессия курмандыктарын кылчактабай актоо керек"
Бишкекте XX кылымдын 20-50-жылдарындагы саясий репрессиялардын бардык курмандыктарын реабилитациялоо демилгесине арналган талкуу өттү. Талкууга катышкан коомдук ишмерлер, тарыхчылар, изилдөөчүлөр коомдук талкууда турган мыйзам долбоору боюнча өз сунуштарын айтты.