"Азаттыкка" байланышкан сот иштери башталды
“Азаттыктын” айланасындагы окуялар боюнча соттук териштирүүлөр башталды. 26-январда “Азаттыктын” Маданият министрлигинин чечимине жана Улуттук коопсуздук комитетинин аракетине каршы жазылган арыз каралды. Эки мекеменин аракети менен “Азаттыктын” сайты жабылып, банктагы эсеби бөгөттөлгөн болчу.