Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкек: Мирзиёевдин мамлекеттик сапары башталды

Бишкек: Мирзиёевдин мамлекеттик сапары башталды

26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин бир айдан бери сөз болуп жаткан Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды. Бул сапардын алкагында эки өлкөнүн башчылары өз ара алака-катышты талкуулап, чек ара баштаган бир катар документтерге кол коюлары айтылган.  

Кыргыз бийлиги өткөн жылы Өзбекстан менен чек аранын толук такталышын эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы баскычы катары баалаган.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да былтыр кол коюп, ратификациялаган.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат.

"Экономикалык кызматташтыктын жаңы үлгүсү"

Өзбекстандын президентинин сапарын утурлай 26-январда Бишкекте Кыргыз-өзбек бизнес форуму өтүп, ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Сардор Умурзаков катышты.

Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү былтыр 11 айда 543 миллион доллардан ашып, 21% өскөнүн билдирди. Ал берген маалыматка ылайык, Кыргызстанда Өзбекстандын капиталы салынган 60 ишкана иштеп жатат. Анын 22си биргелешкен ишканалар болсо, 38и өзбек капиталы менен иш алып барууда.

Акылбек Жапаров Кыргызстан энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, ишкерлерге чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштады.

"Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул биздин бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди алып келе турган долбоорлор".

Ал Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын алкагында автоунаа чыгарган биргелешкен завод куруу боюнча документке кол коюлары, бул эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын жаңы үлгүсү болорун белгиледи.

Сардор Умурзаков эки өлкө ортосундагы аймактар аралык кызматташтык, туризм жана логистика багыттарына басым жасады. Ал кыргыз-өзбек чек аралаш аймактарынын кызматташуусу артып, ортодогу соода алмашуунун көлөмү өсүп жатканын белгиледи. Бул багытта эки өлкө башчылары жаңы документтерге кол коёрун, анда Ысык-Көл менен Жиззак облустарынын кызматташтыгы жөнүндө келишим караларын айтты.

“Сиздер менен бизде туристтерди тартуу үчүн жаңы иштерди жасоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул чакан ишкердикке, бюджетке кошумча киреше табуу дегендик. Мен Ысык-Көлгө көп өзбекстандык келгенин угуп, аябай таң калдым. Бул бир облуска гана келгендер. Өлкө боюнча алганда сан мындан да көп болот. Биз мындай эриш-аркак кызматташууну күчөтүшүбүз керек”, - деди Умурзаков.

Бизнес-форумда 168 млн. долларлык 11 документке кол коюлду:

Эки өлкөнүн Айыл чарба министрликтеринин ортосунда Агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу боюнча “Жол картасы”;

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын Art Soft Holding ЖЧК ортосунда 30 млн долларлык Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын Baxodir Log‘on Tekstil ЖЧК (Фергана облусу) ортосунда суммасы 8 млн. долларлык булгаары өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу, ошондой эле Нарын облусунда картошка өстүрүү боюнча айыл чарба кластерин уюштуруу жөнүндө меморандум;

Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясы менен Өзбекстандын Baxodir Log‘on Tekstil ЖЧК (Фергана облусу) ортосунда картошка өндүрүү боюнча кластер, мал чарба комплексин түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстандын “Бай Дыйкан” ЖЧК менен Өзбекстандын “Узкимёимпекс” КБ ортосунда суммасы 20 млн. долларлык инвестициялык курулуш долбоорунун алкагында биргелешкен өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасында кальций карбидин өндүрүү боюнча комплексин куруу меморандум;

Кыргызстандын “Бай Дыйкан” ЖЧК менен Өзбекстандын Golden Corn ЖЧК ортосунда суммасы 100 млн. долларлык Өзбекстанга Кыргызстандын жүгөрүсүн жеткирүү боюнча келишими;

Кыргызстандын “ТНК” Дастан” ААК менен Өзбекстандын “Тошэлектроаппарат” ЖЧК ортосунда Кыргызстанда электр энергиясын эсептөө приборлорун чогултууну уюштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;

Кыргызстандын “Элет Байтерек” ЖЧК менен Өзбекстандын “Узпромстройматериалы” ассоциациясы ортосунда базальтты кайра иштетүүчү заводун куруу боюнча меморандум;

Кыргызстандын Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстандын “Узавтосаноат” акционердик коому ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;

Кыргызстандын Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстандын UzXCMG ЖЧК ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;

Кыргызстандын “Кыргыз Эко Экспорт” ЖЧК менен Өзбекстандын Жайыттарды өнүктүрүү ассоциациясы ортосундагы суммасы 10 млн. долларлык Кыргыздан Өзбекстанга айыл чарба продукциясын жана малды жеткирүү келишими.

"Интеграцияга ачык болушубуз керек"

Кыргыз бийлиги Өзбекстандын президентинин мамлекеттик сапарын тарыхый сапар деп эсептеп жатат. Соңку жылдары эки өлкөнүн дипломатиялык алакасы жакшырганын биргелешкен ири долбоорлордун ишке аша баштаганы менен байланыштырууга болот.

Алсак, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу иштери боюнча макулдашууга былтыр сентябрда Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде коюлду. Кийин 6-январда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун “жол картасы” боюнча макулдашууга жетишишкен.

Эки өлкө экономикалык, инвестициялык жана товар алмашуу жагында да кызматташууга басым жасай турганын билдирип келет.

Ишкер Жоодар Сайдилкан Кыргызстан Өзбекстан жана башка коңшу өлкөлөр менен кызматташтыгын жакшыртып, интеграцияга ачык болушу керек деген ойдо.

“Европада жүк жана адамдар бири-бирине эч тоскоолдуксуз өтүп жаткан болсо, биз дагы келечекте ушуга жетишишибиз керек. Ошондо интеграция баарыбыз үчүн пайдалуу болот. Бул аймакты коңшу өлкөлөр бири-бирине атаандаш эмес, тескерисинче толуктап турат. Өзбекстанда газ, бизде электр энергиясы, Казакстанда мунай бар. Биргелешип кызматташсак, биз өзүбүздү камсыздап, тышкы импортту азайткан болобуз, - деди Сайдилкан.

Ал кыргыз-өзбек экономикалык кызматташтыгында инвестиция салууга басым жасалышы керектигин, эки өлкөнүн өкмөтү да буга кызыкдарлыгын билдиргенин кошумчалады.

Эки мамлекеттин башчылары буга чейин экономика тармагындагы кызматташтыкты жакшыртып, соода жүгүртүү көлөмүн 2 млрд. АКШ долларына жеткирүү максатын коюшкан. Бүгүнкү форумда бул планды ишке ашыруу үчүн иштер жүрүп жатканы айтылды.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Врач МОДКТОБ рассказал об опасности открытых окон для детей

Отключения горячей воды начнутся в Москве с 20 мая

Поехали на премию МУЗ-ТВ вместе с «Авторадио»!

Tele2 первой обеспечила 100% покрытие сетью нового отрезка платной магистрали М4

Музыкальные новости

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет

Узбекские дети из землячества в Бурятии посетили театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура

Новости России

Примадонна оперной сцены Хибла Герзмава споет в ...

Первый международный день медитации состоится в «Царицыне». Relax FM приглашает

Девушка устроила пожар в ЖК «Люберецкий», очевидцы сняли мемное видео

Врач МОДКТОБ рассказал об опасности открытых окон для детей

Экология в России и мире

Показ Academy Kaurtseva Fashion Day III 24

Где находится самая северная страусиная ферма в мире?

C 13 по 19 мая 2024 года проходит Неделя профилактики повышения артериального давления

Традиции и инновации: Развитие онлайн-казино в Казахстане

Спорт в России и мире

Павлюченкова не смогла выйти в третий круг турнира WTA 1000 в Риме

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме

Кто транслирует бой Табило против Джоковича на турнире Rome Masters 1000?

Теннисист Хачанов вышел в третий круг "Мастерса" в Риме

Moscow.media

Еще 36 м надвижки на мосту через Каму

В Подмосковье росгвардейцы почтили память Героев Великой Отечественной войны и возложили цветы к мемориальным комплексам региона.

«Байкал Сервис» открыл новый терминал площадью почти 4500 кв. м на юго-востоке Москвы

Осень в Хибинах...







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *