Новак Жокович Австралиянын ачык чемпионатын онунчу ирет жеңип алды
Сербиялык теннисчи Новак Жокович карьерасында онунчу жолу Австралиянын ачык чемпионатын (Australian Open) жеңип алды. Финалда ал дүйнөнүн төртүнчү ракеткасы грекиялык Стефанос Циципасты утту.
Жалпысынан Жоковичтин Чоң шлем турнирлеринде 22 жеңиши бар. Сыйлыктарынын саны менен ал испаниялык Рафаэль Надалга жетти.
Австралиянын ачык чемпионаты Мельбурн шаарында өттү. Анын байге фонду 50 миллион АКШ долларын түзөт.