Нарын: кар көчкү түшкөн жол ачыла элек
17-февралда түшкөн кар көчкүгө байланыштуу Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолу убактылуу жабык турат. Облустук бийлик кооптуу тилкелерден көчкүнү атып түшүрүү иштерин жүргүзүүдө. Алар кара жолду бир-эки күндүн ичинде толук тазалап, каттам ачылат деп билдирди.