Кыргызстан Түркиядагы куткаруу миссиясын аяктоодо
Түркияда иштеп жаткан кыргызстандык куткаруучулардын миссиясы аяктап жатканын бүгүн 20-февралда бул өлкөдөгү элчи Руслан Казакбаев билдирди. Элчинин айтымында, алар жалпысынан уранды алдында калган сегиз адамды аман куткарып, 100дөн ашуун адамдын сөөгүн алып чыгышты.
“Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кахраманмараш шаарында ачкан мобилдик госпиталь түрк тарапка пайдаланууга өткөрүлүп берилди. Бүгүн Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу башкармалыгынын (AFAD) борбордук кеңсеси менен биргеликте кыргыз куткаруучуларынын миссиясын жыйынтыктоо жана мекенине жөнөтүү маселеси чечилгени жатат”, - деп билдирди элчи.
6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны 47 миңге чамалады, жараат алгандар 115 миңдей болууда.
ӨКМ билдиргендей, куткаруучуларды тосуп алуу иш-чарасы аэропортто 21-февралда өтөт. Алар Кахраманмараш жана Хатай провинцияларында иштешти.