"Интервьюда диктофонум бузулуп, губернатор оңдошкон"
“Азаттык” радиосунун 70 жылдыгына карата бул ирет “Азаттыктын” мурагы кызматкери, Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегин менен маек курдук. “Азаттыктын” кийин ал маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп иштеди.