Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Митингге чыккандар менен келишим бузулат". Салык мекемесинин каты нааразылык жаратты

Ошто Салык кызматынын ишкерлер митинг-пикетке чыкса, анын кесепети оор болорун эскерткен каты талкууга түштү. Айрым эксперттер бул кат Баш мыйзамдагы адам укугун бузууга жатарын айтып чыгышты. Мамлекеттик салык кызматы болсо кат боюнча кызматтык иликтөө башталганын, жыйынтыгына жараша тиешелүү кызматкерлерге чара көрүлөрүн билдирди.

Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Майрамбек Карыбековдун атынан базарларга жана соода жайлардын администрацияларына жазган каты социалдык тармактарга жарыяланып, кызуу талкуу жаратты.

Катта соода түйүндөрүн ижарага алгандар саясий мүнөздөгү митингдерге катыша турган болсо, алар менен келишим токтотулары эскертилген. 

"Ишкерлерди басмырлап жатышат"

Оштогу соода борборлорунун биринде ижарада туруп, кийим саткан Эркайым аттуу соодагер шаардык салык башкармалыгынын катын ишкерликти басмырлоо катары кабыл алды. Ал төрт чарчы метрдей чакан орун үчүн ай сайын ижарага да, мамлекетке да акча төлөп келе жатканын кошумчалады.

"Мен соода борборунда балдардын кийимин сатам. Ай сайын күнүнөн, саатынан калтырбай ижара акысын төлөйм. Кээде акчам чыкпай калса, карыздап болсо да ижара акысын берем. Андан тышкары мамлекетке салык, Соцфондго да акча төлөйм. Жаңы эреже-жоболор ансыз деле терибизди тескери сыйрып жатат. Эми минтип "митингге чыксаңар, ордуңардан айрыласыңар" деп коркутуп атканы - митингге чыкпаган соодагерлерди да чыгарчудай. Муну түздөн-түз басмырлоо деп эсептейм".

Катты "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева бул кат менен ишкерлердин Конституциялык укугу бузулуп жатканын белгиледи.

"Митинг-пикеттерге чыгуу - Кыргызстандын ар бир жаранынын конституциялык укугу. Бул катта ишкер жарандарыбыздын конституциялык укугун чектөө аракети болуп жатат. Экинчиден "Чакан ишкерлик" жөнүндө мыйзамды бузуп, бул келишим аркылуу ижарага берген тарап менен ижарачынын ортосуна мамлекет кийлигишүүгө аракет кылып жатат. Ишкер митингге чыкса, ал акча тапкан ордунан ажырай турганын айтып коркутса, ижарага берген тарапты да мажбурлоо менен бийлик жарандардын укугун чектеп жатат. Бул Баш мыйзамга туура келбейт",- деди Гүлгаакы Мамасалиева.

Кыргызстандын бийлиги соңку эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Быйыл ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди.

Буга каршы Бишкек шаарында, башка аймактарда, анын ичинде Ош шаарында бир нече жолу нааразылык акциялары өттү. 

10-мартта борбор калаа Бишкекте да ишкерлердин нааразылык акциялары өткөн. Акциянын катышуучулары патент системасын калтырууну да талап кылышты.

Бул күнү башка аймактарда да ушундай эле талаптар менен митингдер болору кабарланган.  Ош шаардык салык башкармалыгынын базарларга жана соода жайлардын администрацияларына жолдонгон каты 9-мартта жазылган.

Гүлгаакы Мамасалиева катты Салык кызматы шашылыш даярдап, коркутуу менен ишкерлердин оозун жабууга аракет кылды деп эсептейт:

"ККМге каршы акциялар 10-мартта бардык жерде өтөрү айтылып жаткан, бул кат 9-мартта даярдалып, шашылыш таратылды. Таратылбаган болсо бул кат интернетке чыкпайт эле. Мамлекет мындай жолдор менен чакан бизнестин өнүгүшүнө бут тосуп жатканын эске алышы керек".

"Кызматтык иликтөө жүрүп жатат"

Интернетте тараган документке байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы 11-мартта үн катты. Мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков борбордук аппарат аймактык бөлүмдөргө мындай тапшырма бербегенин "Азаттыкка" билдирди.

"Мындай чечимдерди жергиликтүү башчылар өзүм билемдик менен кабыл алышкан, бул туура эмес. Салык кызматкерлерине ишкерлерге жаңы эрежелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылган. Булар аны башкачараак түшүнүп алган сыяктуу. Учурда кат боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша чаралар көрүлөт. Зарыл болсо кызматтан бошотулушу да ыктымал".

Айрым эксперттер жергиликтүү салык башкармалыгынын каты "Жеке ишкерликти мамлекеттик колдоо" жөнүндө мыйзамга да каршы келерин айтып чыгышты. Экономика илимдеринин доктору Мирланбек Убайдуллаев бул каттагы талаптар дүйнөлүк экономикалык мамиле жүргүзүүнүн нормаларын да бузууга жатат деп билдирди:

"Ижара боюнча алдын ала түзүлгөн келишим жалпы мыйзамдарда көрсөтүлгөн нормаларга каршы келген жагдайлар боюнча гана кайрадан каралат. Эгер алдын ала түзүлгөн эки тараптуу келишимде ал көрсөтүлбөгөн болсо, ижара берүүчүнүн аны бузууга укугу жок. Бул дүйнөлүк экономикалык мамиленин нормаларына да, ички нормаларга да туура келбейт. Ал эми булардын ортосундагы келишимдерге мамлекет да, анын атынан иш жүргүзүп жаткан органдардын да кийлигишүүсүнө жол берилбеши керек. Бул жалпы базардын мыйзамы".

Ишкерлер каттын чоо-жайын, андагы мыйзамга карама-каршылыктарды Башкы прокуратура иликтеп чыгышы керектигин айтып жатышат.  Башкы көзөмөл органы азырынча азырынча маалымат бере элек.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

«Недоволен и беспокоится»: WSJ узнала о реакции лидера КНР на визит Путина в КНДР

Гол в ворота "Спартака" стал 20 000-м по счету в истории РПЛ

Акция «Лес будущего» прошла в Дмитровском городском округе

Испанский стыд: Мадрид вывел своих военных из Мали

Музыкальные новости

Фестивальный праздник «Музыка моего города» в Улан-Удэ включил в программу спектакль Театра кукол «Ульгэр»: Россия и Культура, Праздник и Дети

Страдания юного Аюша Булчун

Актер из «Папиных дочек» пропал в Москве

«Спартак» обыграл «Рубин» в последнем домашнем матче Джикии

Новости России

Психолог Соловьева заявила о невозможности "конструктивной" критики

Поезд № 70 Москва — Чита застрял на 3 часа из-за схода вагонов

Футболисты из Химок сыграют с «Черноморцем» на домашнем стадионе

В каких регионах выпускникам-отличникам​ заплатят по 100-150 тысяч рублей

Экология в России и мире

Выездной Фотограф для всех желающих, ну и конечно Артистов и Музыкантов.

Против незаконного визита Лукашенко в оккупированный и деарменизированный Карабах высказался не МИД Армении, а Тихановская. Фоторяд

Как поделиться местоположением в WhatsApp: пошаговое руководство

Страдания юного Аюша Булчун

Спорт в России и мире

Новак Джокович: «Я никогда не скажу, кого считаю величайшим в истории – оставлю это другим»

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA в Риме

Шнайдер вышла в финал турнира WTA-125 в Париже, обыграв Грачёву

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге

Moscow.media

Военные следственные органы Следственного комитета Российской Федерации отмечают 157-ю годовщину образования

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Седая весна...

Руки-загребуки или парфюм с запахом уголовного дела







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *