Зордукталып, 14 жашында көз жарган кыз боюнча сот жылдап созулуп келатканы айтылды
Чүйдүн Токмок шаарында зордукталып, 14 жашында көз жарган кыз боюнча соттук териштирүү төрт жылдан бери бүтпөй келатканын 13-мартта “Азаттыктын” эфиринде “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Анын айтымында, окуя 2017-жылы болгон, кылмыш иши өспүрүм кыз беш айлык боюнда бар кезде козголгон:
“Кызга 13 жашында кошунасы кол салган, жыныстык зомбулук болгон. Ошонун кесепетинен кыз төрөп, баласы төрткө чыгайын деп калды. Ушул күнгө чейин анын иши улам бир соттун деңгээлинде каралып, чубалып келе жатат. Өзгөчө Чүй облустук сотуна нааразылык көп. Чүй облустук прокуратурасына да таң калабыз, алар кыздын кызыкчылыгын талашкандын ордуна айыпталып жаткандын таламын талашып, ДНК анализ “баланын атасы кыздын кошунасы” деп 99% чыгарып берсе да башка лабораторияга берели деп жатат”.
Бул маселеге байланыштуу Турдубекова бүгүн социалдык түйүндөр аркылуу президент Садыр Жапаровго, өкмөт башчы Акылбек Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку Соттун жетекчилигине, өлкөнүн акыйкатчысына кайрлып, кыздын укугун коргоо боюнча чара көрүүгө чакырды.
Турдубекова атаган сот жана прокуратура органдары бул иш боюнча азырынча комментарий бере элек.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылдын соңуна карата Кыргызстанда балакатка жете электерге карата жасалган кылмыштар боюнча 2386 иш катталган, анын 771 сотко өтсө, 728и кыскартылып, 887си боюнча тергөө уланып жаткан.