Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ак-Ордодогу жер чыры: камалгандар, кылмышуу топтун тиешеси

Ак-Ордодогу жер чыры: камалгандар, кылмышуу топтун тиешеси

Ак-Ордо конушундагы жер тилкелеринин мыйзамсыз берилишине шек саналып кармалган жергиликтүү бийликтин төрт кызматкери жана бул ишке тиешеси бар дагы бир адам эки айга камалды.

Жер берүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу буга чейин “Кадастрдын” Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да камакка алынган.

Жер чыры каматкан чиновниктер

Сокулук районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары Бахридин Азизов, башкармалыктын адиси Төрөкул Солтобаев, райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Руслан Мырзакасымов, ушул эле кызматтын мурдагы картографы Азисбек Дөөлөтбаков 20-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.

Мындай чечимди 29-мартта Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Райондук сот ушул эле иш боюнча кармалган Роза Мүзүралиеваны да эки айга камакка алды.

Башкы прокуратура сөз болуп жаткан адамдар Сокулук районунун Новопавловка айылына караштуу Ак-Ордо конушундагы жерлерди жасалма документ менен жеке менчикке чыгарып сатышканы аныкталганын кабарлаган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголуп тергелип жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов Чүйдөгү жер чырына байланыштуу иликтөө иштери тууралуу мындай деди:

“Мына 30-мартта эле жер маселеси боюнча прокуратура Аламүдүн районунун акиминин орун басарын да кармады. Бул иштер негизи жүргүзүлүп жаткан. Президент тапшырма бергенден кийин күчөтүлдү”.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Аламүдүн районунда жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссия мамлекетке тиешелүү 66,8 га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которушкан. Бул боюнча “Коррупция” беренеси менен иш козголуп, Аламүдүн районунун акиминин орун басары кармалды.

“Жер саткандардын баары жооп бериши керек”

Жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча талкууга негиз болгон Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушундагы жер чыры жана ага байланышы бар адамдар тууралуу конуштун квартал башчысы Мирбек Осмонов “Азаттыкка” комментарий берди.

“Бул ишке дагы башка көп адамдын тиешеси бар. Четинен аты-жөнү чыга баштады эми дагы чыгат. Алар убагында чоң бир мафия болуп иштешкен. Жер саткан аялдар үлүш жерлерди дүңүнөн алып кайра бөлүп-бөлүп сатканга укугу жок болчу. Аларга нотариустан ишеним катты ким берди? Мунун баары жергиликтүү соттун, прокуратуранын, милициянын, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы кызматкерлери менен ишке ашкан. Азырынча Сокулук районунундагы мамлекеттик мекемелердин төрт кызматкери, анан жер сатуунун башында турган Роза Мүзүралиева камалды”.

Март айынын башында жер тилкелерин берүүдөгү коррупциялык иштерге шек саналып “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) “Кадастрдын” кызматкерлери документтерди мыйзамсыз жасаганы жана бул ишке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да аралашканы аныкталганын маалымдаган.

Жер чыры боюнча камалгандардын жакындары же адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

“Эми бул иштер аягына чейин чыгышы керек. Антпесе үлүш жерлерди басып алып сатуу, четинен кертип-кертип акча жасоо улана берет. Бул иштерге укук коргоо органдары да аралашкан. Эми ошолор убагында ким калкалаган баарын ачык айтып бериши керек. Прокуртурада, УКМКда, сотто иштеген чоң-чоң адамдар да аралашкан экен. Жер саткан аялдар эми “убагында ушул адамдар мага жардам берген. Аларга мен мынча жер бергем” деп айтышы керек”, - деди Мирбек Осмонов.

Жер чыры кантип талкууга чыкты?

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда 1-мартта Марал Шаболотованын үйү түрттүрүлүп, келин төрт баласы менен көчөдө калган. 3-мартта конуштун айрым тургундары чогулуп, бийликтен адилет чечим чыгарылышын талап кылышкан.

Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна барган. Анда өлкө башчы эки кошунанын жер талашын териштирүүнү жана мыйзамсыз басылып алынган жерлерге документ берүү иштерин тездетүү тапшырмасын берген.

Кийин “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамды жетиштүү аткарган жок деген негизде Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаев менен Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алган.

Өкмөт ушул тапта Марал Шаболотовага там-ташы бузулган жерге жаңы үй куруп берүүдө. Келин үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алганын, бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова “Кызыл китеби” бар экенин айтып, андан үй турган жерди талаша баштаганын билдирген. Чуулгандуу окуядан кийин Толкун Самудинова да камакка алынганы кабарланган.

“Кызыл китеп” алууга тоскоол болуп жатканы айтылган “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдун 27-пункту алынып салынган. ​

Документтештирүү ишинин жүрүшү

Ушул тапта Ак-Ордо конушундагы үйлөрдү документтештирүү боюнча комиссия иштеп жатат. Министрлер кабинети 30-мартта жерлерди трансформациялоону жана документтерди берүүнү тездетүү үчүн “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобого өзгөртүүлөр киргизилгенин жарыялады. Өкмөт кабыл алынган жаңы жобо жерге мунапыс берүү процессин жеңилдетип убактысын да тездете турганын билдирди.

“Жаңы жобо чыкты бирок азырынча бекий элек. Ал бизге келгенден кийин кошумча маалымат беребиз. Азырынча комиссия документ кандай берилет, эмне болот деп тактоо иштерин гана кылып жатышат. Биз жаңы жобону күтүп атабыз. Эми ошону менен иштейбиз да”, - деди Чүй облусунун Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Большинство иностранных студентов в Московской консерватории из Китая

Один из полузащитников "Спартака" покинет клуб по окончании сезона

Джикия будет капитаном «Спартака» в матче с «Рубином»

Президент РФ Путин на будущей неделе встретится с руководителями предприятий ОПК

Музыкальные новости

«Просто не афиширую»: куда пропала Волочкова с театральной сцены

Футболисты «Локомотива» – в расширенном составе сборной России на июньский сбор

Легенда "Крыльев" Бобер назвал Горшкова способным заиграть в топ-клубе РПЛ

Сотрудники СЛД «Курск» филиала «Московский» ООО «ЛокоТех-Сервис» продолжают проводить экологические акции

Новости России

Прощание капитана: "Спартак" принимает "Рубин". LIVE

До 26 градусов тепла: как изменится погода в Москве на предстоящей неделе

Позиции Пригожина займет Дюмин? В России формируется новая влиятельная группировка

Жителей Москвы ожидает ясная погода

Экология в России и мире

МОСКОВСКИЙ ФЕСТИВАЛЬ ПОД ФЛАГОМ РУССКИХ СУПЕРГЕРОЕВ.

Каскадная лестница из мрамора

Укусил клещ

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Спорт в России и мире

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге

Теннисист Медведев может спуститься на пятое место в ATP после "Мастерса" в Риме

Свёнтек выиграла десятый «тысячник» в карьере

Теннисист Медведев может потерять свое место в рейтинге ATP

Moscow.media

Вендор технологических решений DатаРу перешел на сервис кадрового ЭДО от HRlink

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

Военные следственные органы Следственного комитета Российской Федерации отмечают 157-ю годовщину образования

В Россию привезли недорогой надежный кроссовер намного дешевле «китайцев»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *