Тажикстан: айла-амал менен аскерге чакырылган уландар
![Тажикстан: айла-амал менен аскерге чакырылган уландар](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-0eca-08db361a4133_tv_w800_h450.jpg)
1-апрелден баштап Тажикстанда аскерге чакыруу өнөктүгү башталды. Өлкөнүн бардык аймактарында жаштарды куралдуу күчтөрдүн катарына тартуунун ар түрдүү ыкмалары колдонулуп жатканы жөнүндө маалыматтар байма-бай тарап жатат. Тажикстандык активисттер бир райондо аскер курагындагы балдары бар үй-бүлөлөрдүн жарыгы өчүрүлүп, мамлекеттик мекемелерде аларга кызмат көрсөтүлбөй жатканын айтышты. Укук коргоочулар жаштардын армияда кызмат өтөөдөн баш тартуусунун бирден бир себеби андагы катаал шарт экенин белгилешет.