Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Өз жанын кыймак эмес". Жазгүлдүн жакындары акыйкат издейт

30 жаштагы келиндин асынып өлгөнүнө ишенбеген жакындары милицияга арыз жазышты. Алар анын өлүмүн күйөө баласынан көрүп жатышат. Күйөөсү келинчегине кол тийгизбегенин айтууда.

Милиция бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук медициналык экспертизаны кайталап өткөрмөкчү.

"Сиңдим өзүн өлтүрбөйт болчу"

Бишкектеги Алтын Ордо жаңы конушунда жашаган үч баланын энеси Жазгүлдүн атасы Жыргалбек Абдыкадыров кызынын өлүмү тууралуу 10-февралда, таңга жуук укканын айтты.

"Уктап аткам, телефон шыңгырады, саат 06.30 ченде болчу, алсам бейтааныш бирөөлөр "сыртка чыгыңыз" дешти. Чыксам эле "Жазгүлдөн айрылып калдык" дешти. Эки көчө ары жашашчу, чуркап эле жетип бардым. Барсам "Тез жардам" менен милициянын машинеси турган. Үйдө да милиция кызматкерлери толтура экен. Кызымды жерге жаткырып, бетин жаап коюшуптур. Бетин ача калсам эле бүт талкаланып калыптыр. Кайра эле жаба салып, күйөө балага "эмне кылдың?" десем, "уруша кеткенбиз" деди. Ошол бойдон эле нес абалда короодо басып жүрө бериптирмин. Дагы улуу эки кызыма чалыптырмын. Ал арада кызымдын сөөгүн өлүкканага алып кетишиптир".

Жазгүлдүн эжеси Атыркүл Абдыкадырова сиңдиси өз жанын кыюусу мүмкүн эместигин айтып муңканды.

"Сиңдим 2014-жылы турмушка чыккан. Күйөө бала менен сүйлөшүп жүрүп, үйлөнүшкөн. Бишкекте кир жуучу жайды ижарага алып иштетишчү. Ал жерге үч баласын жетелеп барып, иштеп жүрчү. Үйү жок эле, Алтын Ордодо батирде турушчу. Сиңдим ошол күнү кечинде эле мага ватсаптан чалып, сүйлөшкөн элек. Аябай күлүп жайнап, маанайы жакшы сүйлөшкөн. Ал өзүн өлтүрө тургандай абалда эмес эле. Ошол күнү да кечке чейин балдары менен кир жуучу жайга барып иштеп, кечинде келе жатып дүкөндөн азык-түлүк алыптыр. Дүкөнчү эже менен да жакшы маанайда сүйлөшкөн экен. Өзүн өлтүрө турган эч кандай себеби жок болчу. Акча чогултуп аткан, "эже, ошол акчага тиги кир жуучу жайды сатып алалы деп атабыз, ишибизди бир аз кеңейтип, анан жер алып, там салалы дедик" деген эле мага".

"Татынакай эле жашашчу"

Тергөөнүн материалдарында маркумдун күйөөсү ошол күнү келинчеги экөөнүн ортосунда ватсаптагы жазышуулардан улам бир аз пикир келишпестик болгонун, бирок колу тийбегенин, ачуусун басканы жакын жердеги дүкөнгө барып жарым литр пиво алганын, бирок анын жарымын ичип, калганын ыргытып жибергенин айтып берген. Анын сөзүнө караганда, үйгө келгенде эшик жабык болгон, түртүп кирсе, келинчеги каалганын сыртындагы түтүккө сумканын боосуна асынып алганын көргөн.

Маркумдун күйөөсү менен байланышууга аракетибизден жыйынтык чыкпады. Анын бир тууганы Замир иш боюнча келиндин жакындары менен сүйлөшүп чекит коюлганын айтты. Ал иниси менен келини жакшы жашап келишкенин, ортосунда жети, үч, эки жаштагы үч баласы бар экенин айтты.

"Татынакай эле жашашчу. Урушканын деле уккан эмеспиз. Эгер экөөнүн ортосунда кандайдыр бир келишпестик болсо, өзүнүн жанын кыйбай эле бизге келсе болмок. Биз деле колубуздан келишинче жардам бермекпиз, балким аягы- мынчалыкка барбайт беле. Үч-төрт күн мурда куда-кудагыйыбызга барып, алдынан өтүп, кечирим сурап келгенбиз. Чекит коюлду, мындан ары биздин тынчыбызды албагыла", - деди маркумдун кайын агасы.

"Кызганып жүрүп өлтүрдү"

Келиндин жакындары болсо Жазгүл менен күйөөсүнүн ортосунда пикир келишпестик көп эле болуп жүргөнүн айтышууда. Эжеси Атыркүлдүн сөзүнө караганда, күйөө баласы уруп-сабаганын сиңдиси мурда да эжелерине айтып жүргөн.

"Мурда деле экөө кызганычтын айынан көп эле урушчу. Күйөө бала болбогон нерседен улам кызганып, кол көтөргөнүн сиңдим бизге айтып эле жүрчү. Апам инсульт алганына көп жыл болду, анын оорусун күчөтүп албайын деп аяп, ага эч нерсе айтпай жашырчу. Мага айтып жүрчү. Бул жолу да күйөөсү Ысык-Көлдө ар кандай курулушта иштеп, үйүнө анда-санда келип турган. Алыста жүрүп алып, келинчегин кызганганбы, дагы да уруш ошондон чыкса керек. Сиңдим болсо аны "эртерээк келсе, бул жакта чогуу жашап, чогуу иштесек жакшы болмок" деп, балдары да сагынганын айтып жүрчү".

Атыркүл сиңдисинин өлүмү да кызганычтын айынан болду деп эсептейт. Жазгүлдүн өз өмүрүн кыйганына ишене албасын, анын өмүрү кыйылышына күйөөсү күнөөлүү деген оюн айтты.

"Сиңдимдин сөөгүн өлүкканадан ары Ысык-Көлгө алып кетишти. Кайын журту "сөөктү кыйнабайлы, сөөк биздики, бизге бергиле" дешти. Артынан бардык. Сиңдимдин сөөгүн ошол жакта боз үйдө гана көрдүм. Бети-башы так, айрылган, жанчылган болчу. Мойнундагы тагы терең, канталап турган. Муну мыкаачылык менен өлтүргөнү көрүнүп эле турат. Аябай сабалган. Бир нерсе менен муунтуп өлтүрүп салып эле, "өзү муунуп алды" деп коюшкандай. Боз үйдөн сиңдимдин абалын сүрөткө, видеого тартып алдык. Биз алигүнчө өзүн өлтүрдү дегенге ишене албай турабыз. Күйөө баладан "эмне кылдың эле?" десек, "кудай турат, колум тийген эмес" деп танып салды. Ошондо эле милицияга арыз жазалы десек, "экспертизанын жыйынтыгы чыга электе жаза албайсыңар" деп коюшту. Биз да мурун кийин мындайды башыбыздан өткөрбөсөк, кандай арга кылышты деле билбептирбиз. Наркологиялык экспертиза күйөө баланын ошол күнү мас экендигин аныктап, чыгарып берсе да, тергөөчүлөр эч кандай чара көрбөй, ишти жаап салышыптыр. Биз болсо соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жүрө бериптирбиз. Күйөө балам "мага байланышып, мага кабар беришет" деген болчу, андан улам сурасак эле, "жок келе элек" деп койчу. 24-мартта тергөөчүгө чалсак, 9-мартта иш жабылган деди. Ушундан улам бизде булар тергөөчүлөр менен сүйлөшүп алышканбы деген күдүк ой жаралды. Анткени күйөө баламды жакшыраак суракка да албаптыр".

Кайрадан комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды

Жазгүлдүн өлүмү боюнча Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккан соң, курамында кылмыш жок деген негиз менен иш кыскартылган. Бул маалыматты аталган ишти жүргүзгөн тергөөчү Данияр Көбөгөн уулу "Азаттыкка" ырастады. Анын сөзүнө караганда? маркумleн жакындары арыз менен кайрылгандан кийин, Октябрь райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) кайрадан комиссиялык түрдө соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү дайындаган.

"Окуя болгон жерге барып, алгачкы кароо-иликтөө иштерин жүргүзүп, ошол эле 10-февраль күнү факты боюнча кылмыш ишин козгогонбуз. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 19-февралда чыккан, 24-март күнү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ишти курамында кылмыш жоктугуна байланыштуу токтотконбуз. Маркумдун жакындары аны киши колдуу болду деп арыз жана комиссиялык соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү өтүнүп кайрылышты. Мен ал өтүнүч менен арыздын негизинде комиссиялык соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү жөнүндө токтом чыгарып, эксперттерге бердим. Экспертизанын жыйынтыгын күтүүгө дагы 20 күндөй убакыт керек", - деди тергөөчү.

Жазгүлдүн артында 7, 3 жана 2 жаштагы үч баласы калды. Жакындарынын айтуусунда, балдар азыр атасынын колунда.

2022-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун 980 учуру катталып, андан 8225 аял, 290 эркек (алардын ичинен 210у өспүрүм балдар), 88 бала жабыркаган. 181 кылмыш иши козголуп, 82и сотко өткөн. 63 кылмыш иши жарашуу негизинде өндүрүштөн кыскартылган. 36 иш тергөө стадиясында турат.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо мыйзамына ылайык, 8725 коргоо ордери берилген. 190 коргоо ордеринин мөөнөтү узартылган.

Amnesty International эл аралык уюму 2023-жылы адам укуктарынын абалына арналган жылдык отчетунда Кыргызстанда 2022-жылы эң негизги укуктарды сактоо жаатында өзгөрүүлөр болбогонун, жакыр катмарлар, аялдар менен балдар мурдагыдай эле жапа чегип келе жатканын белгилеген.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Необычная резина: гидроизоляция, которая не боится времени

В Пушкине объявлен конкурс на реконструкцию ВЗУ № 1

Три человека задержаны по делу о ботулизме в Нижнем Новгороде

Более 1,5 тыс. нелегалов выдворят из РФ в результате рейда в Подмосковье

Музыкальные новости

Филипп Киркоров, Shaman, Сергей Жуков, Катя IOWA показали награды и наряды в студии "Авторадио"

Более 500 спортсменов поучаствовали в фестивале «Спорт для всех» в Мытищах

Неблагодарный батька или о чем говорил президент Белоруссии с делегацией Азербайджана?

Сергей Собянин. Главное за день

Новости России

Гастроэнтеролог назвал продукты, которые могут вызвать сильное отравление

Стало известно, каким конкретно продуктом в салате отравились сотни россиян

Психиатр Вилков посоветовал больше гулять пешком, чтобы снизить тревожность

Москвичам рассказали о площадках для мероприятий фестиваля «Лето в Москве»

Экология в России и мире

Кинопродюсер.

Все подумали, что слышит с трудом: Полина Гагарина просила собеседников говорить громче

Сказка театра Ульгэр в Бурятии «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир волшебства - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети:

Первый Международный фестиваль «Мир классического романса»

Спорт в России и мире

Теннисисты Медведев и Рублев сохранили позиции в рейтинге ATP

Курникова показала трогательные фото Энрике Иглесиаса

Экс-теннисист Ольховский: россияне могут хорошо выступить на Уимблдоне

Теннисистка Самсонова вышла в финал турнира в Хертогенбосхе

Moscow.media

Hyundai привозит в Россию старый добрый седан по цене LADA Vesta

ONLY TODAY! COMPLETE BUNDLE WITH LIDIA ONLY $69

Ученые обнаружили перспективное лекарство для лечения гипертонии

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *