Чек арада чеп болгон Мурас
Лейлектин мурдагы Маргун, азыркы Мурас айылы Баткендин эң четки, облус борборунан алыс жайгашкан айылдарынын бири. Айылда элдин көбү мал чарбачылыгы менен тиричилик кылат. Ал эми кыз-келиндер колго соккон айтылуу Лейлек килемдери айылдагылардын негизги киреше булагы.