Элеттик кыздарга өнөр үйрөткөн Айтурган
Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы тургуну Айтурган Кочкорова "Резин Арт" технологиясын үйрөнүп, түркүн буюмдарды жасап сатат. Анын кол эмгегинен чыккан буюмдарга кызыгып, Москвадан бери буюртма бергендер бар. Чайырдан же эл арасында айтылгандай смоладан буюм жасоого кызыккандарга сабак өтө баштады.