Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

“Кумтөр Оперейтинг Компаниге” жаңы милдеттер жүктөлөт

“Кумтөр Оперейтинг Компаниге” жаңы милдеттер жүктөлөт

Министрлер кабинетинин 25-апрелдеги жыйынында “Кумтөр Оперейтинг Компани” жабык акционердик коомунун акцияларын толугу менен мамлекеттин менчигине өткөрүү чечими жарыяланды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги компанияга жер казынасын пайдалануу багытындагы жаңы долбоорлорду башкаруу милдеттери жүктөлөрүн билдирүүдө.

Кыргыз өкмөтү менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы 2022-жылдын апрелиндеги чечүүчү келишиминде “Кумтөр Голд Компани” менен “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканаларынын 100% акциялары “Кыргызалтын” акционердик коомунун колуна өткөн.

Эми “Кумтөр Оперейтинг Компани” жабык акционердик коомун өкмөт Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүп, ал аркылуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну мерчемдеп жатканын жарыялады.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин маалыматына ылайык, өлкөдө тоо-кен багытында жаңы долбоорлор мерчемделип, аны ишке ашырууда өкмөттүн түз башкаруусу зарыл болгондон улам ушундай чечим кабыл алынган.

Агенттиктин директорунун орун басары Медербек Машиев алдыда “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасына жаңы милдеттер жүктөлөрүн билдирди.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” тарыхы бар компания, жер казынасын пайдалануу багытында буга чейинки товар жүгүртүүлөрү бар, ал нөлдөн түзүлгөн. Ондогон жылдар бою “Центерранын” алдында алтынды жана башка товарларды, эл аралык келишимдерди түзүп, коштоп жүргөн компания. Башкача айтканда, анын өзүнүн аброю бар. Жөн эле 100% акциясы 2500 сомдук номиналдык баасы менен “Кыргызалтында” турган. Биз аны мамлекетке алдык, ал компания менен жаңы долбоорлорду ишке ашырабыз. Долбоорлор жер казынасын пайдалануу багытында болот, алар боюнча жакынкы күндөрдө тийиштүү чечимдер кабыл алынат. Жер казынасын пайдалануу багытында дегеним, ал сөзсүз эле бир кенди казбайт, мүмкүн дагы деле ошондой чоң-чоң келишимдерди коштоп иштеши мүмкүн. Ошол багытта азыр иш алып баруудабыз. Эгерде бир кенди иштетебиз десек, анда уставдык капиталын өстүрөбүз”.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” буга чейин Кумтөр кенине байланыштуу операциялык жумуштарды аткарып келген. Ал Кумтөр кенинен алынган руданы фабрикага алып барып ылгоочу жумуштарды жүргүзүп, алтын эритмесин алып, андан ары “Кыргызалтын” мекемеси аркылуу аффинаждоочу заводго өткөрүп, эл аралык биржага сатылганга чейинки жумуштардын баарын жүргүзгөн.

Мамлекеттик мүлк фондунун колуна өткөндөн кийин, расмий белгиленгендей, анын башкаруусуна тоо-кен тармагындагы жаңы долбоорлор жана милдеттер берилмекчи.

Кыргыз тоо-кенчилери эки компанияны “Центеррадан” мамлекеттин карамагына кайтарып алууда аларга дыкат финансылык-экономикалык, техникалык жана экологиялык аудит жүргүзүп туруп, юридикалык таза бойдон өткөрүп алуу сунушун айтып келген. Адистер алиге чейин алар боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер ачык-айкын болбой келгенин белгилешет.

Кыргызстандын тоо-кенчилер ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасынын мүмкүнчүлүктөрүн кандай багытта колдонууга болорун божомолдоп гана турат.

“Мисалы, бүгүнкү күндө Кумтөрдөгү Борбордук, Сары-Төр, Түштүк-Батыш деген участоктор иштеп атса, келечек үчүн геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, Түштүк-Батыш участогунун жанынан жана “Надежда” деген кошумча участокту таап, Кумтөрдүн жашоо циклин дагы узартуу керек. Ал ошондой жумуштарды аткарат. Мындай бир ой-пикирлер бар, сунуштар да айтылып келген. Ошол эле Кумтөрдүн аркы түшө бериш жеринде Тоголок алтын кени бар, анын кору 20 тоннадан кем эмес. Мүмкүн ошондой кенди дагы алып иштетебиз десе, анда ошол Тоголоктун лицензиясы биринчи кезекте “Кыргызалтынга” берилиши керек. “Кыргызалтын” өзүнүн түздөн-түз иштете турган мүмкүнчүлүктөрүн табуу үчүн ошондой долбоордун негизинде “Кумтөр Оперейтинг Компанини” тартып, анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар, адистери бар, ошолор менен кошумча алтын кендерин алып иштетсе болот”.

"Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому 1993-жылы түзүлгөн. "Ачык бюджет" порталындагы маалыматка карасак, 2021-жылдын башынан 2023-жылдын апрелине чейин ишмердиги дээрлик токтоп калгандай элес калтырат. Юстициядан кайра каттоо жана архивдик документтер үчүн мамлекеттик казынага 2500 сомго жетпеген төлөм жасаган. Ал эми Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка ылайык, компания 2023-жылдын 27-мартында кайра каттоодон өткөн.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы Кумтөр кенин башкаруучу компания катары 100% акциясы мурдагыдай эле “Кыргызалтын” акционердик коомунун карамагында калууда. Ал Кумтөр алтын кениндеги өндүрүш ишин уланта берет.

26-апрелде "Кумтөр Голд Компани" 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өкмөткө жылдык отчётун берди. Компаниянын маалыматына ылайык, өткөн жылы 17 тонна 305 кг алтын өндүрүлүп, анын 17 тонна 284 кг саткан. Түшкөн акчалай киреше 986 млн. 511 миң АКШ долларын түзөт. Бирок алтын кайда сатылганы тууралуу маалымат айтылган эмес. Ишкана, ошондой эле, 2022-жылы мамлекетке 32 млрд. сомдон ашуун салык жана башка төлөмдөрдү төккөнүн билдирди.

2020-жылдын октябрында бийлик башына келген Садыр Жапаров баштаган кыргыз өкмөтү мындан ары жаңы ачылган ири кендерди иштетүүдө мамлекеттин үлүшү 100% болгон улуттук компания сөзсүз катышарын билдирип келет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылдын соңунда уставдык капиталы 100 млн. сом болгон “Улуу көчмөндөр мурасы” деп аталган холдинг түзүп, кийинчерек анын көлөмүн 3,4 млрд. сомго чейин жеткирген. Уюмдун башына Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган, ал бир эле учурда “Кумтөр Голд Компани” ишканасын да, “Улуу көчмөндөр мурасын” да башкарып турду. Холдингдин башкаруусунда кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактардагы 30дан ашуун дымактуу долбоорлорду ишке ашыруу планы жарыяланган. Бирок, көп өтпөй “Улуу көчмөндөр мурасы” кайра жоюлуп кетти жана бюджеттен берилген каражаттын 700 млн. сому чыгымга учурады.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

На выставке «Своя рубаха ближе к телу» посетители познакомятся с брокаровским стилем вышивки и сурпаном

В столице Туркменистана - Ашхабаде открыли памятник легендарному армянскому поэту и композитору Саят-Нове

Костомаров с женой посетили полумарафон в Москве

Названы самые угоняемые авто в России в 2024 году — это Hyundai и Kia

Музыкальные новости

Что там в IT: ИИ-отрыв Google, ChatGPT почти человек, отечественный BIOS

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Захарова: визит Путина в Китай - судьбоносный шаг, определяющий будущее планеты

Собянин: В Москве открылись новые выездные площадки для регистрации брака

Новости России

В Кемерово пять человек устроили перестрелку из автоматов и пистолетов

Эксперты назвали самые угоняемые в России автомобили

Костомаров с женой посетили полумарафон в Москве

Названы самые угоняемые авто в России в 2024 году — это Hyundai и Kia

Экология в России и мире

В Санкт-Петербурге открылся первый магазин китайского бренда Balabala

Кладезь полезных свойств: Кутушов рассказал о пользе шлемника байкальского

Сотрудники СЛД «Курск» филиала «Московский» ООО «ЛокоТех-Сервис» продолжают проводить экологические акции

Бурятский театр «Ульгэр» показал на выставке «Театральная весна» кукольный постановку: Россия, Дети, нацпроект Культура

Спорт в России и мире

Свёнтек выиграла десятый «тысячник» в карьере

Стало известно, при каком условии Медведев может опуститься на 5-е место рейтинга ATP

Первая ракетка Казахстана вышла в финал турнира WTA в Италии

Диего Шварцман: «Два чилийца в полуфинале в Риме. Шесть латиноамериканцев в топ-30. А ATP в следующем году уберет один из турниров в Южной Америке»

Moscow.media

Исследование: болезни Альцгеймера и Паркинсона прогрессируют из-за климата

Руки-загребуки или парфюм с запахом уголовного дела

Большой Тхач

Военные следственные органы Следственного комитета Российской Федерации отмечают 157-ю годовщину образования







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *