Депутат Мадумаров Баш мыйзамдын өзгөртүлүшүн сынга алды
Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Конституциянын 30 жылдыгына карата 11-майда парламентте өткөн жыйында Баш мыйзамдын бийлик алмашкан сайын өзгөртүлүшүн сындады. Ал дүйнөдөгү жүз жылдап өзгөртүлбөгөн Конституцияларды мисал келтирди:
"Ар бир бийлик келген сайын, Баш мыйзам алмашчу. Дайым келген кишинин Конституциясы эң мыкты, эң керемет, кынтыксыз, катасыз" деп көкөлөтүп келдик. Кайсы Конституция боюнча референдум өткөндө "туура эмес өттү" деп айттык. Ошол учурда баарыңар "сиздин гана Конституция керемет, мыкты" деп мактап келдиңер. "Баары укмуш, сонун" деп канча президентти узаттык? Узатып туруп артынан гана чекилик кетиргенин айттык го. Президенттердин баарын көкөлөтүп отуруп, ушуга келдик. "Сиз бар үчүн күн чыгып жататт, сиз уй жылында туулган экенсиз, алмалардын гүлдөгөнүн караңызчы" дегенге чейин жеттик. Баш мыйзамда 153 берене бар. Бирок бүгүнкү күнү анын бири да иштебейт. "Кыргыз Республикасынын жарандары туулгандан тартып эркин жана өз пикирлерин, өз талаптарын ээн-эркин айта алат" деп турат. Өткөрүп көргүлө жыйынды бүгүн. Кайсы эркиндикти айтып атабыз?".
Мадумаровдун мындай сынына бийлик өкүлдөрү комментарий бере элек.
Жогорку Кеңештеги жыйынга парламент депутаттары, мурдагы, учурдагы спикерлер, министрлер кабинетинин төрагасы баштаган мүчөлөрү, бир катар коомдук ишмерлер, эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлдөрү катышты.
Жыйындын алдында парламентте "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын өкмөттү кетирүү сунушунан улам Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси көтөрүлгөн.
Жогорку Кеңеш 10-майда аталган фракциянын Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун карап, аны четке каккан. Өткөн айдын аягында парламенттин тармактык комитети дагы бул сунушту колдогон эмес.
Кыргызстандын эгемен тарыхындагы алгачкы Конституция 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан берки аралыкта бир нече жолу өзгөртүүгө дуушар болду.
2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Баш мыйзам өлкөнү түп-тамыры менен президенттик башкарууга кайра кайтарган. (ZKo)