Түркиядагы шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча Эрдоган алдыда
Түркиядагы президенттик шайлоодо добуштардын 84% саналып бүттү. Анын алдын-ала жыйынтыгы боюнча азыркы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдоган алдыда. Ал шайлоочулардын 50,2%ын колдоосуна ээ болду. Ал эми анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 44% топтоду.
Анткен менен Кылычдароглу азырынча алдын-ала жыйынтыктар менен макул эмес, айтымында анын партиясынын эсебинде Эрдоган артта калууда.
Түркиядагы эң ири үч шаар-Стамбул, Анкара жана Измирдеги добуштар шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүп жибериши ыктымал. Анткени ал жактарда азырынча добуштардын жарымы гана саналып бүттү.
Эгер алдыда келаткан эки талапкер тең шайлоочулардын 50%дан көбүнүн колдоосуна ээ боло албаса, Эрдоган менен Кылычдароглу 28-майга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы мүмкүн.
Талдоочулардын пикиринде 69 жаштагы Эрдоган жеңсе Түркия толугу менне автократияга айланат деген кооптонуу бар.
Түркиялык шайлоочулар жекшембиде парламенттик шайлоого да добуш беришти. Парламенттеги 600 орун үчүн жалпысынан 24 саясий партия ат салышты.